• 30Окт

    shapka

    12.10.2020-жыл.                                                                                                   Ак-Суу айылы.

    Ак-Суу айыл аймагынын айылдык кеңешинин VII чакырылышынын                       кезектеги ХХ сессиясы

    ТОКТОМ/ПОСТАНОВЛЕНИЕ №1/1.

                “Айыл өкмөт башчысынын 9 айлык отчетун кароо жөнүндө”

    Ак-Суу айыл өкмөтүнүн башчысынын 9 айында аткарган иштери боюнча отчётун угуу жөнүндө айылдык кеӊештин төрагасы С.Барпиевдин  билдирүүсүн угуп жана талкуулап, Ак-Суу айыл кеңеши:

    ТОКТОМ КЫЛАТ:

    1. Ак-Суу айыл өкмөтүнүн башчысынын 9 айында аткарган иштери боюнча отчёту жылдык отчёт менен биргеликте кароо жагы белгиленсин.
    1. Ак-Суу айыл аймагынын айылдык Кеңешинин ушул токтому, Ак-Суу айыл аймагынын айыл Өкмөтүнүн aksuu.biz. kg расмий веб-сайтына жарыялансын.
    1. Аталган токтомду расмий жарыялоо жана КРнын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы жооптуу катчы С.Мамытовго жүктөлсүн.
    1. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кеңештин финансы жана бюджет комитетинин төрагасы Д.Шадыкановго милдеттендирилсин.

     

    Төрага:                                                                                                                    С.Барпиев.

     

     

     

    shapka

     

    12.10.2020-жыл.                                                                                                   Ак-Суу айылы.

    Ак-Суу айыл аймагынын айылдык кеңешинин VII чакырылышынын                       кезектеги ХХ сессиясы

    ТОКТОМ/ПОСТАНОВЛЕНИЕ №1/2.

                “Ак-Суу айыл өкмөтүнүн 2020-жылга карата атайын каражаттар бөлүмүнүн киреше жана чыгаша бөлүгүн эсепке алуу жөнүндө”

                Ак-Суу айыл өкмөтүнүн 2020-жылга жергиликтүү бюджетинин атайын каражаттар бөлүмүнүн киреше жана чыгаша бөлүгүнүн түшүүсү жана чыгымдалышы тууралуу айыл өкмөтүнүн ФЭБ башчысы Э.Алымкуловдун  билдирүүсүн угуп жана талкуулап, Ак-Суу айылдык кеӊеши:

    ТОКТОМ КЫЛАТ:

    1. Ак-Суу айыл өкмөтүнүн атайын каражаттар (14238900 беренеси) бөлүмүнө түшүүчү 139200 (бир жүз отуз тогуз миӊ эки жүз) сом акча каражаты COVID 19 пандемиясына байланыштуу кошумча киреше катары каржылоо булагынан кыскартылсын.
    1. Ак-Суу айыл өкмөтүнүн атайын каражаттар бөлүмүнүн чыгашалар беренесине (22154900) көрсөтүлгөн 139200 (бир жүз отуз тогуз миӊ эки жүз) сом акча каражаты чыгымдоолор беренесинен кыскартылсын.
    1. Жогорудагы акча каражаттарын киреше жана чыгаша бөлүмдөрүнөн кыскартуу жагы финансы экономикалык бөлүмүнө милдеттендирилсин.
    1. Ак-Суу айыл аймагынын айылдык Кеңешинин ушул токтому, Ак-Суу айыл аймагынын айыл Өкмөтүнүн aksuu.biz. kg расмий веб-сайтына жарыялансын.
    1. Аталган токтомду расмий жарыялоо жана КРнын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы жооптуу катчы С.Мамытовго жүктөлсүн.
    1. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кеңештин финансы жана бюджет комитетинин төрагасы Д.Шадыкановго милдеттендирилсин.

     

    Төрага:                                                                                                                    С.Барпиев.

     

     

    shapka

    12.10.2020-жыл.                                                                                                   Ак-Суу айылы.

    Ак-Суу айыл аймагынын айылдык кеңешинин VII чакырылышынын                       кезектеги ХХ сессиясы

    ТОКТОМ/ПОСТАНОВЛЕНИЕ №1/3.

                “Коргон-Дөбө айылына курулуп жаткан мини футболдук спорт аянтчасына акча каражатын кароо жөнүндө”

                Ак-Суу айыл аймагынын Коргон-Дөбө айылына жеке ишкер Култаева Гүлшаркандын  демөөрчүлүгү менен курулушу башталып, токтоп калган мини футболдук  спорт аянтчасына 300000 (үч жүз миӊ) сом акча каражатын бөлүп берүү жөнүндө финансы жана бюджет комитетинин төрагасы Д.Шадыкановдун билдирүүсүн угуп жана талкуулап, Ак-Суу айылдык кеӊеши:

    ТОКТОМ КЫЛАТ:

    1. Ак-Суу айыл аймагынын Коргон-Дөбө айылына жол шагалдоого бөлүнгөн 300000 (үч жүз миӊ) сом акча каражаты, жеке ишкер Култаева Гүлшаркандын демөөрчүлүгү менен курулушу башталып, токтоп калган мини футболдук  спорт аянтчасына которууга макулдук берилсин.
    1. Бөлүнгөн акча каражатын мыйзам ченемдүү карап иштетүү жагы айыл өкмөтүнүн башчысы У.Качыбековго жана ФЭБ башчысы Э.Алымкуловго милдеттендирилсин.
    1. Ак-Суу айыл аймагынын айылдык Кеңешинин ушул токтому, Ак-Суу айыл аймагынын айыл Өкмөтүнүн aksuu.biz. kg расмий веб-сайтына жарыялансын.
    1. Аталган токтомду расмий жарыялоо жана КРнын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы жооптуу катчы С.Мамытовго жүктөлсүн.
    1. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кеңештин финансы жана бюджет комитетинин төрагасы Д.Шадыкановго милдеттендирилсин.

     

    Төрага:                                                                                                                    С.Барпиев.

     

     

    shapka

    12.10.2020-жыл.                                                                                                   Ак-Суу айылы.

    Ак-Суу айыл аймагынын айылдык кеңешинин VII чакырылышынын                       кезектеги ХХ сессиясы

    ТОКТОМ/ПОСТАНОВЛЕНИЕ №1/4.

                “Түрдүү чыгымдар беренесинен өзгөчө кырдаалдар беренесине акча   каражатын которуу жөнүндө”

                Түрдүү чыгымдар беренесинен 100000 (жүз миӊ) сом акча каражатын өзгөчө кырдаалдар беренесине которуу жөнүндө айыл өкмөтүнүн ФЭБ башчысы Э.Алымкуловдун билдирүүсүн угуп жана талкуулап, Ак-Суу айыл кеңеши:

    ТОКТОМ КЫЛАТ:

    1. Түрдүү чыгымдар беренесинен 100000 (жүз миӊ) сом акча каражатын өзгөчө кырдаалдар беренесине которууга макулдук берилсин.
    1. Бөлүнгөн акча каражатын мыйзам ченемдүү карап иштетүү жагы айыл өкмөтүнүн башчысы У.Качыбековго жана ФЭБ башчысы Э.Алымкуловго милдеттендирилсин.
    1. Ак-Суу айыл аймагынын айылдык Кеңешинин ушул токтому, Ак-Суу айыл аймагынын айыл Өкмөтүнүн aksuu.biz. kg расмий веб-сайтына жарыялансын.
    1. Аталган токтомду расмий жарыялоо жана КРнын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы жооптуу катчы С.Мамытовго жүктөлсүн.
    1. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кеңештин финансы жана бюджет комитетинин төрагасы Д.Шадыкановго милдеттендирилсин.

     

    Төрага:                                                                                                                    С.Барпиев.

     

     

    shapka

    12.10.2020-жыл.                                                                                                   Ак-Суу айылы.

    Ак-Суу айыл аймагынын айылдык кеңешинин VII чакырылышынын                       кезектеги ХХ сессиясы

    ТОКТОМ/ПОСТАНОВЛЕНИЕ №2/1.

                “Ак-Сай айылындагы мечитке Халифа Хазрети “Ибрахимжандын” ысымын коюу жөнүндө”

                Ак-Суу айыл аймагынын Ак-Сай айылынын тургуну К.Бекбаевдин Ак-Сай айылына курулган жамааттык мечитке Халифа Хазрети “Ибрахимжан” атындагы мечит деп атоо жөнүндөгү билдирүүсүн угуп жана талкуулап, Ак-Суу айыл кеңеши:

    ТОКТОМ КЫЛАТ:

    1. Ак-Сай айылына курулган мечитке Халифа Хазрети “Ибрахимжандын” ысымы ыйгарылсын.
    1. Ак-Суу айыл аймагынын айылдык Кеңешинин ушул токтому, Ак-Суу айыл аймагынын айыл Өкмөтүнүн aksuu.biz. kg расмий веб-сайтына жарыялансын.
    1. Аталган токтомду расмий жарыялоо жана КРнын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы жооптуу катчы С.Мамытовго жүктөлсүн.
    1. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин социалдык комитетине милдеттендирилсин.

     

    Төрага:                                                                                                                    С.Барпиев.

     

     

    shapka

    12.10.2020-жыл.                                                                                                   Ак-Суу айылы.

    Ак-Суу айыл аймагынын айылдык кеңешинин VII чакырылышынын                       кезектеги ХХ сессиясы

    ТОКТОМ/ПОСТАНОВЛЕНИЕ №2/2.

                “XONDA STEP үлгүсүндөгү тез жардам унаасын муниципалдык менчикке тартуу жөнүндө”

                Бишкек шаарындагы “Ак-Суу коому” тарабынан №12 үй-бүлөлүк дарыгерлер тобуна белекке берилген XONDA STEPүлгүсүндөгү, мамкаттоосу 08KG630AGT, каттоо күбөлүгү АА0316797 тез жардам унаасын муниципалдык менчикке тартуу жөнүндө, айыл өкмөтүнүн ФЭБ башчысы Э.Алымкуловдун билдирүүсүн угуп жана талкуулап, Ак-Суу айыл кеңеши:

    ТОКТОМ КЫЛАТ:

    1. XONDA STEP үлгүсүндөгү тез жардам унаасын муниципалдык менчикке алынсын.
    1. Муниципалдык менчикке мыйзам ченемдүү өткөрүп алуу жагы айыл өкмөтүнүн ФЭБ башчысы Э.Алымкуловго милдеттендирилсин.
    1. Ак-Суу айыл аймагынын айылдык Кеңешинин ушул токтому, Ак-Суу айыл аймагынын айыл Өкмөтүнүн aksuu.biz. kg расмий веб-сайтына жарыялансын.
    1. Аталган токтомду расмий жарыялоо жана КРнын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы жооптуу катчы С.Мамытовго жүктөлсүн.
    1. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кеңештин финансы жана бюджет комитетинин төрагасы Д.Шадыкановго милдеттендирилсин.

     

    Төрага:                                                                                                                    С.Барпиев.

     

     

    shapka

    12.10.2020-жыл.                                                                                                   Ак-Суу айылы.

    Ак-Суу айыл аймагынын айылдык кеңешинин VII чакырылышынын                       кезектеги ХХ сессиясы

    ТОКТОМ/ПОСТАНОВЛЕНИЕ №2/3.

                “Ак-Суу айылынын тургуну Абдылдабеков Курманалынын жана уулу Бакыттын арызын кароо жөнүндө”

                Ак-Суу айылынын тургуну Абдылдабеков Курманалынын менин огородумдун жанындагы бош жер аянтын көп жылдан бери көрктөндүрүп келгем, ошол жерди уулум Бакытка турак жай салууга мыйзамдуу бөлүп бериӊиз деген мазмундагы арызын угуп жана талкуулап, Ак-Суу айылдык кеӊеши:

                                  ТОКТОМ КЫЛАТ:

    1. Ак-Суу айылынын тургуну Абдылдабеков Курманалынын арызы эске алынсын.
    1. Курманалы уулу Бакыткатурак жай салуу үчүн жер тилкесин мыйзам чегинде карап чечүү жагы айыл өкмөтүнүн жер адиси А.Алымкуловго милдеттендирилсин.
    1. Ак-Суу айыл аймагынын айылдык Кеңешинин ушул токтому, Ак-Суу айыл аймагынын айыл Өкмөтүнүн aksuu.biz. kg расмий веб-сайтына жарыялансын.
    1. Аталган токтомду расмий жарыялоо жана КРнын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы жооптуу катчы С.Мамытовго жүктөлсүн.
    1. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин агрардык комитетинин төрагасы Н.Акматовго милдеттендирилсин.

     

    Төрага:                                                                                                                    С.Барпиев.

     

     

    shapka

    12.10.2020-жыл.                                                                                                   Ак-Суу айылы.

    Ак-Суу айыл аймагынын айылдык кеңешинин VII чакырылышынын                       кезектеги ХХ сессиясы

    ТОКТОМ/ПОСТАНОВЛЕНИЕ №2/4.

                “Ак-Сай айылынын тургуну Мамырова Тамаранын арызын кароо жөнүндө”

                Ак-Сай айылынын тургуну Мамырова Тамаранын турак жай салуу үчүнНан-Жатырдагы алма бактын четинен жер тилкесин бериӊиз деген мазмундагы арызын угуп жана талкуулап, Ак-Суу айылдык кеӊеши:

    ТОКТОМ КЫЛАТ:

    1. Ак-Сай айылынын тургуну Кыдыров Болотко подстанциянын жогору тарабындагы бош жердентурак жай салуу үчүн жер тилкесин берүүгө макулдук берилсин.
    1. Турак жай салуу үчүн жер тилкесин мыйзам ченемдүү бөлүп берүү жагы айыл өкмөтүнүн жер адиси А.Алымкуловго милдеттендирилсин.
    1. Ак-Суу айыл аймагынын айылдык Кеңешинин ушул токтому, Ак-Суу айыл аймагынын айыл Өкмөтүнүн aksuu.biz. kg расмий веб-сайтына жарыялансын.
    1. Аталган токтомду расмий жарыялоо жана КРнын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы жооптуу катчы С.Мамытовго жүктөлсүн.
    1. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин агрардык комитетинин төрагасы Н.Акматовго милдеттендирилсин.

     

    Төрага:                                                                                                                    С.Барпиев.

     

     

    shapka

    12.10.2020-жыл.                                                                                                   Ак-Суу айылы.

    Ак-Суу айыл аймагынын айылдык кеңешинин VII чакырылышынын                       кезектеги ХХ сессиясы

    ТОКТОМ/ПОСТАНОВЛЕНИЕ №2/5.

                “Жергиликтүү бюджеттин эсебинен келишимдик негизде контрагын төлөө менен врач даярдоо жөнүндө”

                Ак-Суу айыл аймагында калктын саламатыгына кам көрүү максатында жергиликтүү бюджеттин эсебинен келишимдик негизде контрагын төлөө менен Медициналык Академияга 1(бир) студентти окутуп, врач даярдоо жөнүндө социалдык комитеттин билдирүүсүн угуп жана талкуулап, Ак-Суу айылдык кеӊеши:

    ТОКТОМ КЫЛАТ:

    1. Ак-Суу айыл аймагынан Медициналык Академияга 1(бир) студентти жергиликтүү бюджеттин эсебинен келишимдик негизде контрагын төлөп, окутууга макулдук берилсин.
    1. Ак-Суу айыл өкмөтүнүн 2021-жылдагы бюджетинен акча каражатын кароо жана келишимди даярдоо жагы ФЭБ башчысы Э.Алымкуловго милдеттендирилсин.
    1. Ак-Суу айыл аймагынын айылдык Кеңешинин ушул токтому, Ак-Суу айыл аймагынын айыл Өкмөтүнүн aksuu.biz. kg расмий веб-сайтына жарыялансын.
    1. Аталган токтомду расмий жарыялоо жана КРнын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы жооптуу катчы С.Мамытовго жүктөлсүн.
    1. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеӊештин төрагасынын орун басары К.Төрөкуловго милдеттендирилсин.

     

    Төрага:                                                                                                                    С.Барпиев.

     

  • 01Сен

    222

    22.03.2020-жыл.                                                                                     Ак-Суу айылы.

    Ак-Суу айыл аймагынын айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезексиз ХIХ сессиясы

    ТОКТОМ/ПОСТАНОВЛЕНИЕ №1.

                “COVID-19 илдетин алдын алуу максатында блок пост уюштурууга, тамак-аш, күйүүчү май, дезинфекциялоого акча каражатын кароо жөнүндө”

    COVID-19 илдетин алдын алуу максатында блок пост уюштурууга, тамак-аш, күйүүчү май, дезинфекциялоого акча каражатын кароо жөнүндө финансы жана бюджет комитетинин төрагасы Д.Шадыкановдун билдирүүсүн угуп жана талкуулап,                                  Ак-Суу айыл кеңеши:

    ТОКТОМ КЫЛАТ:

    1. Ак-Суу айыл аймагында COVID-19 илдетин айылга жайылтуунун алдын алуу максатында Майлы-Сай-Ак-Суу-Коргон-Дөбө унаа жолунун Кызыл-Мойнок участкасына блок пост уюштурулуп, тамак-аш, күйүүчү май, дезинфекциялоо иштерин жүргүзүүгө 70111 бөлүмүнүн 2215900 беренесинен түрдүү чыгымга 100000 (жүз миң) сом акча каражатына макулдук берилсин.
    1. Бөлүнгөн акча каражатын мыйзам ченемдүү карап иштетүү жагы айыл өкмөтүнүн башчысы У.Качыбековго жана айыл өкмөтүнүн ФЭБ башчысы Э.Алымкуловго милдеттендирилсин.
    1. Ак-Суу айыл аймагынын айылдык Кеңешинин ушул токтому, Ак-Суу айыл аймагынын айыл Өкмөтүнүн aksuu.biz. kg расмий веб-сайтына жарыялансын.
    1. Аталган токтомду расмий жарыялоо жана КРнын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы жооптуу катчы С.Мамытовго жүктөлсүн.
    1. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кеңештин финансы жана бюджет комитетинин төрагасы Д.Шадыкановго милдеттендирилсин.

     

    Төрага:                                                                                                                    С.Барпиев.

    222

    22.03.2020-жыл.                                                                                                 Ак-Суу айылы.

    Ак-Суу айыл аймагынын айылдык кеңешинин VII чакырылышынын  кезексиз ХIХ сессиясы

    ТОКТОМ/ПОСТАНОВЛЕНИЕ №2.

                “Ак-Суу айыл аймагындагы чөп чабынды, эгинге түшкөн мал акыларына айыптарды бекитүү жөнүндө ”

    Ак-Суу айыл аймагындагы чөп чабынды, эгинге түшкөн мал акыларына айыптарды бекитүү жөнүндө Ак-Суу, Ак-Сай, Коргон-Дөбө айылындагы элдердин жалпы чогулушунун токтомунун негизинде, Ак-Суу айылдык кеңеши:

              ТОКТОМ КЫЛАТ:

    1. Ак-Суу айыл аймагындагы чөп чабынды жана эгинге түшкөн малдын айыптарын бекитүү жөнүндө Ак-Суу, Ак-Сай, Коргон-Дөбө айылындагы элдердин жалпы чогулушунун токтомунун негизинде төмөнкүдөй айыптар бекитилсин.
    • Чөп чабынды жерге түшкөн бир баш малга:

    А) Кара малга, жылкыга -200 (эки жүз) сом,

    Б) Эшекке -200 (эки жүз) сом, 

    В) Жандыкка – 50 (элүү) сом                                                                                                                

    —     Эгинге түшкөн бир баш малга:

    А) Кара малга, жылкыга- 500 (беш жүз) сом,

    Б) Эшекке -500 (эки жүз) сом,                                                                                                             

    В) Жандыкка – 100 (жүз) сом                                                                                                                                       Эскертүү: Сырттан келген малга эки эсе баада айып салынсын.

    Эгинге, чөп чабынды аянттарына зыян келтирсе, келтирилген зыян актынын негизинде төлөнүп берилсин.

    Айыптан түшкөн акча каражаты айдап келген карагулга 40%, кайтарган карагулга 40%, 20% ар түрдүү чыгымдарга берилсин.

    Эгерде карагул канага түшкөн малды мал ээси угуп, алып кетпесе Бузуулар  комиссиясына өткөрүлүп берилет.

    1. Ак-Суу айыл аймагынын айылдык Кеңешинин ушул токтому, Ак-Суу айыл аймагынын айыл Өкмөтүнүн aksuu.biz. kg расмий веб-сайтына жарыялансын.
    2. Аталган токтомду расмий жарыялоо жана КРнын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы жооптуу катчы С.Мамытовго жүктөлсүн.
    3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кеңештин агрардык комитетинин төрагасы Н.Акматовго милдеттендирилсин.

    Төрага:                                                                                                                    С.Барпиев.

    222

    22.03.2020-жыл.                                                                                                 Ак-Суу айылы.

    Ак-Суу айыл аймагынын айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезексиз ХIХ сессиясы

    ТОКТОМ/ПОСТАНОВЛЕНИЕ №3.

                “Айылдык кеңештин жооптуу катчысына 1 штаттык бирдигин бекитүү жөнүндө

    “КРнын Өкмөтүнүн 04.03.2020-жылдагы №124 “КРнын Өкмөтүнүн жергиликтүү өз алдынча башкаруу чөйрөсүндөгү айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” жана КРнын Өкмөтүнүн 05.02.2020-жылдагы №64 “Айылдык кеңештерде акы төлөө негизиндеги кызмат орундарынын тизмесин бекитүү жөнүндө”  токтомдорунун негизинде айылдык кеңештин жооптуу катчысына 1 штаттык бирдигин бекитүү жөнүндө  айылдык кеңештин финансы жана бюджет комитетинин төрагасы Д.Шадыкановдун билдирүүсүн угуп жана талкуулап, Ак-Суу айыл кеңеши:

    ТОКТОМ КЫЛАТ:

    1. Айылдык кеңештин жооптуу катчысынын 1 штаттык кызмат орду бекитилсин.
    1. Айылдык кеңештин жооптуу катчысынын бир айлык эмгек акысы айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысынын бир айлык эмгек акысынын өлчөмүндө эсептөө жагы ФЭБ башчысы  Э.Алымкуловго милдеттендирилсин.
    1. Ак-Суу айыл аймагынын айылдык Кеңешинин ушул токтому, Ак-Суу айыл аймагынын айыл Өкмөтүнүн aksuu.biz. kg расмий веб-сайтына жарыялансын.
    1. Аталган токтомду расмий жарыялоо жана КРнын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы жооптуу катчы С.Мамытовго жүктөлсүн.
    1. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кеңештин финансы жана бюджет комитетинин төрагасы Д.Шадыкановго милдеттендирилсин.

     

    Төрага:                                                                                                                       С.Барпиев.  

    222

    22.03.2020-жыл.                                                                                                 Ак-Суу айылы.

    Ак-Суу айыл аймагынын айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезексиз ХIХ сессиясы

    ТОКТОМ/ПОСТАНОВЛЕНИЕ №4.

                “Айыл аймактагы милициянын участкалык инспекторунун штаттан сырткары жардамчысынын айлыгын кароо жөнүндо

    Кыргызстандагы абалга (пандемияга) байланыштуу айыл аймактагы тартипти көзөмөлдөө максатында Ак-Суу айыл аймагынын участкалык инспекторунун штаттан сырткары жардамчысынын айлыгын карап берүү боюнча маселени угуп жана талкуулап, Ак-Суу айылдык кеӊеши:

    ТОКТОМ КЫЛАТ:

    1. Ак-Суу айыл аймагынын участкалык инспекторунун штаттан сырткары жардамчысынын айлыгын 5000 (миӊ) сом өлчөмүндө, азыркы абал (пандемия) жөнгө салынганга чийин мыйзам ченемдүү карап берүү жагы ФЭБ башчысы Э.Алымкуловго милдеттендирилсин.
    1. Ак-Суу айыл аймагынын айылдык Кеңешинин ушул токтому, Ак-Суу айыл аймагынын айыл Өкмөтүнүн aksuu.biz. kg расмий веб-сайтына жарыялансын.
    1. Аталган токтомду расмий жарыялоо жана КРнын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы жооптуу катчы С.Мамытовго жүктөлсүн.
    1. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кеңештин финансы жана бюджет комитетинин төрагасы Д.Шадыкановго милдеттендирилсин.

     

     

    Төрага:                                                                                                                       С.Барпиев.

       

  • 01Сен

    222               16.03.2020-жыл.                                                                                                 Ак-Суу айылы.

    Ак-Суу айыл аймагынын айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги ХVIII сессиясы

    ТОКТОМ/ПОСТАНОВЛЕНИЕ №1.

                «Ак-Суу айыл өкмөтүнүн аймагындагы кайра бөлүштүрүү фондунун жерлерин ижарага берүү акылары жөнүндө»             Ак-Суу айыл өкмөтүнүн аймагындагы кайра бөлүштүрүү фондунун жерлерин ижарага берүү акылары боюнча жер адиси А.Алымкуловдун билдирүүсүн угуп жана талкуулап, Ак-Суу айылдык кеӊеши:

    ТОКТОМ КЫЛАТ:

    1. Кайра бөлүштүрүү фондунун жерлеринин ижара акылары: 1 га кайракы айдоо жер үчүн соц. фонд, жер салыгы менен 500 (беш жүз) сом, 1 га чөп чабынды жер үчүн соц. фонд, жер салыгы менен 1000 (миӊ) сом, 1 га сугат жер үчүн соц. фонд, жер салыгы менен 2500 (эки миӊ) сом болуп бекитилсин.
    1. Ак-Суу айыл өкмөтүнүн аймагындагы айыл чарба өсүмдүктөрүн айдап себүүдө айыл өкмөтүнүн балансындагы тракторлору менен 1 га жер үчүн 2500 (эки миӊ) сом (соляркасы, маласы, айдоо акысы ичинде), айыл ичиндеги огороддорду айдоого 1 сотугуна 60 (алтымыш) бекитилсин. Менчик тракторлор менен келишим баада жүргүзүлсүн.
    1. Чөп чабынды жерге 1 га жерди чаап бериши-1500 (бир миӊ) сом, гравилдөөсү-500 (беш жүз) сом, барабандык гравил менен гравилдөө 700 (жети жүз) сомдон бекитилсин.
    1. Талаачылыктагы буудай, май өсүмдүктөрүн кайтарууга 1 сотугуна 1 кгдан, чөп чабынды, көп жылдык чөптү кайтарууга накталай акча менен 1 га жер үчүн 400 (төрт жүз) сом менен же андан ашпаган келишим баада бекитилсин.
    1. Айыл өкмөтүнүн АКФнын жерлери үчүн ижара акылары Кыргыз Республикасынын салык кодексинин негизинде жана аукцион менен берилсин. Аукциондун баштапкы баасы 1000 (миӊ) сом болуп бекитилсин.
    1. Токтомдун аткарылышы айыл өкмөтүнүн жер адиси А.Алымкуловго милдеттендирилсин.
    1. Токтомдун аткарылышына баш ийбеген атууларга мыйзам чегинде чара колдонуу аймактык тескөөчү К.Камалбековго милдеттендирилсин.
    1. Ак-Суу айыл аймагынын айылдык Кеңешинин ушул токтому, Ак-Суу айыл аймагынын айыл Өкмөтүнүн aksuu.biz. kg расмий веб-сайтына жарыялансын
    1. Аталган токтомду расмий жарыялоо жана КРнын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы жооптуу катчы С.Мамытовго жүктөлсүн.
    1. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кеӊештин төрагасынын орун басары К.Төрөкуловго милдеттендирилсин.

    Төрага:                                                                                                                       С.Барпиев.

    22216.03.2020-жыл.                                                                                                 Ак-Суу айылы.

    Ак-Суу айыл аймагынын айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги ХVIII сессиясы

    ТОКТОМ/ПОСТАНОВЛЕНИЕ №2.

                “Ак-Суу айыл аймагында көчүү, мал эмдөө, мал акылары, айыптар (калктуу конуштарды, эгин аянтчаларына жакын жердеги отурукчуларды көчүрүү)  жөнүндө” Ак-Суу айыл аймагында көчүү, мал эмдөө, мал акылары, айыптар (калктуу конуштарды, эгин аянтчаларына жакын жердеги отурукчуларды көчүрүү)  боюнча жайыт комитетинин төрагасы Э.Жоробековдун билдирүүсүн угуп жана талкуулап, Ак-Суу айылдык кеңеши:

    ТОКТОМ КЫЛАТ:

    1. Ак-Суу айыл өкмөтүнүн калктуу конуштардан малды көчүрүү акыркы мөөнөтү төмөнкүдөй белгиленсин: а) Калктуу конуштардан малды көчүрүү 1-апрелден 15-апрелге чейин                     аткарылсын. (жаратылыш шарты эске алынсын). б) Эгин талааларына жакын жайгашкан короо сарайы бар атуулдар 1-апрелден 15-апрелге чейинки аралыкта көчүрүлсүн. (жаратылыш шарты  эске алынсын).
    2. Алыскы жайлоого көчүү мөөнөтү 20-майдан 10-июнга чейин көчүү белгиленсин. (жаратылыш шарты эске алынсын). а) Бардык малдын түрү ветеринардык эмдөөдөн өтсүн.  б) Тиешелүү ветеринардык документтер менен камсыз болсун. в) Кайра көчүп келүү 1-сентябрга белгиленсин. ( Эрте көчүп келген атуулдарга “Бузуулар” Кодекстин негизинде айып төлөнсүн.
    3. Ак-Суу айылынын калк жашаган конуштарда 1 баш саан уй жана 1 баш менчик атка уруксат берилсин. (кайтарылсын, аркандалсын). — Айылда мал алып калгандарга ар бир баш ашыкча мал үчүн “Бузуулар”  кодексине негиз айыптар салынсын.  —  Тартип бузуу кайталанса айыптын суммасы “Бузуулар” Кодексине негизинде чара көрүлсүн.
    4. Ар бир айылда кезүүгө 50 уйга 2 кунандан жашы өйдө букага уруксат берилсин.
    5. Бадачы бадага малды кайсыл жерден алса, күзүндө ошол жерден таркатылсын, айылга киргизилсин.
    6. Бада алган атуулдун малы, кой, эчкичи 300 баштан ашса, ую 10 баштан ашса, жылкы 1 үйүр болсо, алыскы чоң жайлоого көчүрүлсүн.
    7. Бада алган жана берген адамдар үчүн акысы өз ара келишим баада алынсын.
    8. Бада алган атуул мал кошкон малдын ээсинен малды эмдетүү боюнча ветеринардык абалын кагаз жүзүндө атуулдан талап кылынсын.
    9. Ак-Сай, Ымам-Ата, Төө-Басты, Коргон-Дөбө айылынын жанындагы жайытка бада баккандар, кышкы жайытта короо-сарайлары бар жайыт пайдалануучулар көчүп келип жайытка отурса кара мал, эшек, жылкыга, жандыкка “Бузуулар” Кодексинин негизинде айып пул салынсын.
    10. Ак-Суу айыл аймагынын калктуу конуштарына эгин, чөп чабынды аянттарына зыян келтирсе, келтирген зыян эсептелинип төлөнүп берилсин. (түзүлгөн актынын негизинде). Айып акы төмөнкүдөй өлчөмдө бекитилсин.
    • 1- ирээтте бир баш кара малга, жылкыга “Бузуулар” Кодексинин негизинде айыптар салынсын.
    • Эскертүү: айып акы катталбаган малга 2 эседен жогору бекитилсин.
    • Сырттан малы менен көчүп келген атуулдарга “Бузуулар” Кодексинин негизинде айып салынсын жана көчүрүлсүн.
    1. Ветеринардык кызмат көрсөтүү, ветеринардын эреженин негизинде малдарды эмдөө жана департаменттин белгиленген кызмат көрсөтүү акылары менен эмдөө жүргүзүү вет адистерге милдеттендирилсин.
    • Ветеринардык эмдөөлөрдү өздөрү аткарган атуулдарга “Бузуулар” Кодекстинин негизинде айып салынсын.
    1. Айыл аймагындагы калктын малын көчүрүү, жайгаштыруу жайытты сактоо ( жазгы, жайкы, күзгү, кышкы) жайыттарды белгилөө жана жайыт билеттери менен чыгаруу ЖКне милдеттендирилсин.
    2. Суу мурап акысы суу пайдалануучулар менен суу мураптын ортосундагы келишимдин негизинде 70 сомдон 100 сомго чейин жүргүзүлсүн.
    3. Токтомдун аткарылышына айыл өкмөтүнүн жер адиси А.Алымкуловго, вет адиси А.Сартаевге, айыл башчылар: Д.Шакиевге, С.Кыдыралиевге, О.Эшкараевге, С.Үрүсбаевге, ЖКнын төрагасы Э.Жоробековго милдеттендирилсин.
    4. Токтомдун аткарылышына баш ийбеген атуулдарга мыйзам чегинде чара колдонуу аймактык тескөөчү К.Камалбековго жүктөлсүн.
    5. Ак-Суу айыл аймагынын айылдык Кеңешинин ушул токтому, Ак-Суу айыл аймагынын айыл Өкмөтүнүн aksuu.biz. kg расмий веб-сайтына жарыялансын.
    6. Аталган токтомду расмий жарыялоо жана КРнын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы жооптуу катчы С.Мамытовго жүктөлсүн.
    7. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кеңештин төрагасынын орун басары К. Төрөкуловго жана агрардык комитетинин төрагасы Н.Акматовго милдеттендирилсин.

    Төрага:                                                                                                                        С.Барпиев.

    22216.03.2020-жыл.                                                                                                 Ак-Суу айылы.

    Ак-Суу айыл аймагынын айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги ХVIII сессиясы

    ТОКТОМ/ПОСТАНОВЛЕНИЕ №3/1.

                “Ак-Сай айылынын Мор-Булак калктуу конушунун тургуну М.Итибаевдин арызын кароо жөнүндө”             Ак-Сай айылынын Мор-Булак конушунун тургуну М.Итибаевдин Мор-Булак калктуу конушунун жанындагы чоң сайдын ичиндеги кумду пескоблок чыгарып иштетүүгө бериңиз деген мазмундагы арызын угуп жана талкуулап, Ак-Суу айылдык кеңеши:

    ТОКТОМ КЫЛАТ:

    1. Ак-Сай айылынын Мор-Булак калктуу конушунун тургуну М.Итибаевдин арызы канааттандырылсын.
    1. Мыйзам чегинде карап берүү жагы айыл өкмөтүнүн башчысы У.Качыбековго жана айыл өкмөтүнүн жер адиси А.Алымкуловго жүктөлсүн.
    1. Ак-Суу айыл аймагынын айылдык Кеңешинин ушул токтому, Ак-Суу айыл аймагынын айыл Өкмөтүнүн aksuu.biz. kg расмий веб-сайтына жарыялансын.
    1. Аталган токтомду расмий жарыялоо жана КРнын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы жооптуу катчы С.Мамытовго жүктөлсүн.
    1. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кеңештин агрардык комитетинин төрагасы Н.Акматовго милдеттендирилсин.

    Төрага:                                                                                                                        С.Барпиев.

    222

    16.03.2020-жыл.                                                                                                 Ак-Суу айылы.

    Ак-Суу айыл аймагынын айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги ХVIII сессиясы

    ТОКТОМ/ПОСТАНОВЛЕНИЕ №3/2.

                “Коргон-Дөбө айылынын тургуну А.Эралиевдин арызын кароо жөнүндө” Коргон-Дөбө айылынын тургуну А.Эралиевдин 1 топтогу майып кызы Абылказы кызы Гүлазимге өз үйүнүн жанындагы ашыкча жерди, турак жай куруу үчүн берүү жөнүндөгү арызын угуп жана талкуулап, Ак-Суу айылдык кеңеши: ТОКТОМ КЫЛАТ:

    1. Коргон-Дөбө айылынын тургуну А.Эралиевдин арызы канааттандырылсын.
    1. Абылказы кызы Гүлазимге мыйзам ченемдүү турак жай куруу үчүн жер аянтын бөлүп берүү жагы айыл өкмөтүнүн жер адиси А.Алымкуловго милдеттендирилсин.
    1. Ак-Суу айыл аймагынын айылдык Кеңешинин ушул токтому, Ак-Суу айыл аймагынын айыл Өкмөтүнүн aksuu.biz. kg расмий веб-сайтына жарыялансын.
    1. Аталган токтомду расмий жарыялоо жана КРнын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы жооптуу катчы С.Мамытовго жүктөлсүн.
    1. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кеңештин агрардык комитетинин төрагасы Н.Акматовго милдеттендирилсин.

    Төрага:                                                                                                                        С.Барпиев.

    222

    16.03.2020-жыл.                                                                                                 Ак-Суу айылы.

    Ак-Суу айыл аймагынын айылдык кеңешинин VII чакырылышыны  кезектеги ХVIII сессиясы

    ТОКТОМ/ПОСТАНОВЛЕНИЕ №3/3.

                “Ак-Сай айылынын тургуну К.Бекбаевдин арызын кароо жөнүндө”             Ак-Сай айылынын тургуну Бекбаев Шекербектин өз менчигине турак жай салуу үчүн “Кадастр” мамлекеттик мекемесинин Аксы башкаркармалыгынан 3-03-07-1002-0467 идентификациялык номери менен берилген жерине курулган намазкананы муниципалдык менчикке өткөрүп алуу жөнүндөгү К.Бекбаевдин билдирүүсүн угуп жана талкуулап,     Ак-Суу айылдык кеңеши: ТОКТОМ КЫЛАТ:

    1. Ак-Сай айылынын тургуну Бекбаев Шекербектин өз менчигине турак жай салуу үчүн “Кадастр” мамлекеттик мекемесинин Аксы башкармалыгынан 3-03-07-1002-0467 идентификациялык номери менен берилген жерге курулган жамааттык мечит муниципалдык менчикке алынсын.
    1. Муниципалдык менчигине иш кагаздарын даярдап өткөрүп берүү жагы Ш.Бекбаевге жана мыйзам ченемдүү өткөрүп алуу жагы айыл өкмөтүнүн ФЭБ башчысы Э.Алымкуловго, жер адиси А.Алымкуловго милдеттендирилсин.
    1. Ак-Суу айыл аймагынын айылдык Кеңешинин ушул токтому, Ак-Суу айыл аймагынын айыл Өкмөтүнүн aksuu.biz. kg расмий веб-сайтына жарыялансын.
    1. Аталган токтомду расмий жарыялоо жана КРнын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы жооптуу катчы С.Мамытовго жүктөлсүн.
    1. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кеңештин агрардык комитетинин төрагасы Н.Акматовго милдеттендирилсин.

    Төрага:                                                                                                                        С.Барпиев.

    222

    16.03.2020-жыл.                                                                                                 Ак-Суу айылы.

    Ак-Суу айыл аймагынын айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги ХVIII сессиясы

    ТОКТОМ/ПОСТАНОВЛЕНИЕ №3/4.

    “Коргон-Дөбө айылынын тургуну Т.Ыманкуловдун арызын кароо жөнүндө”             Коргон-Дөбө айылынын тургуну Ыманкулов Турусбектин Коргон-Дөбө айылындагы жамааттык мечитти айыл өкмөтүнүн муниципалдык балансына өткөрүп алуу жөнүндөгү арызына негиз жер адиси А.Алымкуловдун билдирүүсүн угуп жана талкуулап, Ак-Суу айылдык кеңеши:

    ТОКТОМ КЫЛАТ:

    1. Коргон-Дөбө айылындагы “Кадастр” мамлекеттик мекемесинин Аксы башкармалыгынан 3-03-07-1003-0194-01 идентификациялык номери менен берилген жерге курулган жамааттык мечит муниципалдык менчикке алынсын.
    1. Муниципалдык менчигине мыйзам ченемдүү өткөрүп алуу жагы айыл өкмөтүнүн ФЭБ башчысы Э.Алымкуловго, жер адиси А.Алымкуловго милдеттендирилсин.
    1. Ак-Суу айыл аймагынын айылдык Кеңешинин ушул токтому, Ак-Суу айыл аймагынын айыл Өкмөтүнүн aksuu.biz. kg расмий веб-сайтына жарыялансын.
    1. Аталган токтомду расмий жарыялоо жана КРнын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы жооптуу катчы С.Мамытовго жүктөлсүн.
    1. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кеңештин агрардык комитетинин төрагасы Н.Акматовго милдеттендирилсин.

    Төрага:                                                                                                                        С.Барпиев.

    222

    16.03.2020-жыл.                                                                                                 Ак-Суу айылы.

    Ак-Суу айыл аймагынын айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги ХVIII сессиясы

    ТОКТОМ/ПОСТАНОВЛЕНИЕ №3/5.

    “Ак-Суу айыл өкмөтүнүн балансындагы фронталдык погрузчикти арендага берүү жөнүндө” Ак-Суу айыл өкмөтүнүн балансындагы фронталдык погрузчикти арендага берүү жөнүндө Ак-Суу айылынын тургуну Б.Эпеевдин сунушун угуп жана талкуулап, Ак-Суу айылдык кеӊеши:

    ТОКТОМ КЫЛАТ:

    1. Ак-Суу айыл өкмөтүнүн балансындагы фронталдык погрузчик Ак-Суу айылынын тургуну Б.Эпеевге 1 жылдык мөөнөткө 150000 (бир жүз элүү миӊ) сомго арендага берилсин.
    1. Мыйзам ченемдүү арендага актылап өткөрүп берүү жагы айыл өкмөтүнүн ФЭБ башчысы Э.Алымкуловго милдеттендирилсин.
    1. Ак-Суу айыл аймагынын айылдык Кеңешинин ушул токтому, Ак-Суу айыл аймагынын айыл Өкмөтүнүн aksuu.biz. kg расмий веб-сайтына жарыялансын.
    1. Аталган токтомду расмий жарыялоо жана КРнын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы жооптуу катчы С.Мамытовго жүктөлсүн.
    1. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеӊештин финансы жана бюджет комитетинин төрагасы Д.Шадыкановго милдеттендирилсин.

    Төрага:                                                                                                                        С.Барпиев.

    222

    16.03.2020-жыл.                                                                                                 Ак-Суу айылы.

    Ак-Суу айыл аймагынын айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги ХVIII сессиясы

    ТОКТОМ/ПОСТАНОВЛЕНИЕ №3/6.

    “Ак-Суу айыл аймагынын улуу муундагы атуулдарына  “Ардактуу атуул”, жана “Кадырман карыя” наамдарын берүү жөнүндө” Ак-Суу айыл аймагынын улуу муундагы атуулдарына айылдын өнүгүшүнө кошкон салымы үчүн “Ардактуу атуул” жана “Кадырман карыя” наамдарын берүү жөнүндө       Ак-Суу айылдык кеӊешинин төрагасы С.Барпиевдин билдирүүсүн угуп жана талкуулап. Ак-Суу айылдык кеӊеши :

    ТОКТОМ КЫЛАТ:

    1. Ак-Суу айыл аймагынын Коргон-Дөбө айылынын атуулдары Чонтаев Аскербекке жана Барпиев Анарбекке Ак-Суу айылынын “Ардактуу атуулу” наамы ыйгарылсын.
    1. Ак-Суу айыл аймагынын төмөнкү атуулдарына “Кадырман кырыя” наамы ыйгарылсын.
    • Маталиев Алым.
    • Шакыева Базаржан.
    • Дилдебаев Чонду.
    • Балтабаева Салтанат.
    • Добулбеков Нурматбек.
    • Уметалиев Ташмат.
    • Тойгонбаева Фатима.
    • Мырзаева Садакан.
    • Эрназаров Алтымыш.
    • Жуманазаров Коргол.
    • Жуманазаров Кыдырбай.
    • Боталиев Төлөн.
    • Эралиева Жумаян.
    • Сагынбаева Бообек.
    • Мамыралиева Туюн.
    • Качыбекова Сакан.
    • Барпыбаев Токтокүчүк.
    • Токторалиева Анаржан.
    • Момукулов Эмилбек.
    • Молдалиева Айымкан.
    • Буланова Көйкөл.
    • Бабаназарова Бакы.
    • Чоконбаева Ажар.
    • Байыскулова Айымкыз.
    • Барпиев Ракыя.
    • Жабаев Ыманкул.
    • Жуманалиева Алымкан.
    • Шадыканова Ширин.
    • Кулуева Бурулай.
    • Качыбекова Алима.
    • Тиленбаев Орол.
    1. Ак-Суу айыл аймагынын айылдык Кеңешинин ушул токтому, Ак-Суу айыл аймагынын айыл Өкмөтүнүн aksuu.biz. kg расмий веб-сайтына жарыялансын.
    1. Аталган токтомду расмий жарыялоо жана КРнын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы жооптуу катчы С.Мамытовго жүктөлсүн.
    1. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеӊештин төрагасынын орун басары К.Төрөкуловго милдеттендирилсин.

    Төрага:                                                                                                                        С.Барпиев.

  • 05Мар

    shapka

    12.02.2020-жыл.                                                                                                 Ак-Суу айылы.

    Ак-Суу айыл аймагынын айылдык кеңешинин VII чакырылышынын                       кезектеги ХVII сессиясы

    ТОКТОМ/ПОСТАНОВЛЕНИЕ №1/1.

                “Ак-Суу айыл өкмөтүнүн башчысы У.Качыбековдун 2019-жыл ичинде аткарган иштери боюнча маалыматын угуу жөнүндө”

    Ак-Суу айыл өкмөтүнүн башчысы У.Качыбековдун 2019-жыл ичинде аткарган иштери боюнча маалыматын угуп жана талкуулап, Ак-Суу айылдык кеңеши:

    ТОКТОМ КЫЛАТ:

    1. Ак-Суу айыл өкмөтүнүн башчысы У.Качыбековдун 2019-жыл ичинде аткарган иштери боюнча маалыматы “канааттандырарлык” деп табылсын.
    1. Ак-Суу айыл аймагынын айылдык Кеңешинин ушул токтому, Ак-Суу айыл аймагынын айыл Өкмөтүнүн aksuu.biz. kg расмий веб-сайтына жарыялансын.
    1. Аталган токтомду расмий жарыялоо жана КРнын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы жооптуу катчы С.Мамытовго жүктөлсүн.
    1. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Ак-Суу айыл аймагынын айылдык кеңешинин төрагасынын орун басары К. Төрөкуловго милдеттендирилсин.

     

    Төрага:                                                                                                                     С.Барпиев

     

     


     

    shapka

    12.02.2020-жыл.                                                                                                 Ак-Суу айылы.

    Ак-Суу айыл аймагынын айылдык кеңешинин VII чакырылышынын                       кезектеги ХVII сессиясы

    ТОКТОМ/ПОСТАНОВЛЕНИЕ №1/2.

                “Ак-Суу айыл өкмөтүнүн 2020-жылга жергиликтүү бюджетин бекитүү жана 2021-жылга болжолдуу долбоору жөнүндө”

    Ак-Суу айыл өкмөтүнүн 2020-жылга жергиликтүү бюджетинин түзүлүшү жана 2021-жылга болжолдуу долбоорун бекитүү жөнүндө, финансы жана бюджет комитетинин төрагасы Д.Шадыкановдун билдирүүсүн угуп жана талкуулап,  Ак-Суу айыл кеңеши:

    ТОКТОМ КЫЛАТ:

    1. Ак-Суу айыл өкмөтүнүн 2019-жылдагы жергиликтүү бюджетинин аткрылышы жөнүндө ФЭБ башчысынын отчёту “канааттандырарлык” деп табылсын.
    1. Ак-Суу айыл өкмөтүнүн 2020-жылдагы жергиликтүү бюджетинин кирешесинин көлөмү 4815,0 (төрт миллион сегиз жүз он беш миң) сом, анын ичинен атайын каражат 562,5 ( беш жүз алтымыш эки миң беш жүз) сом, теңдөөчү грант 6629,2 (алты миллион алты жүз жыйырма тогуз миң эки жүз) сом, жайыт пайдалануучулардан түшүүчү киреше 242,3 (эки жүз кырк эки миң үч жүз) сом, жалпы 11686,5 (он бир миллион алты жүз сексен алты миң беш жүз) суммасында (№1 тиркемеге ылайык) бекитилсин. 
    1. Ак-Суу айыл өкмөтүнүн 2021-2022-жылдарга жергиликтүү бюджетинин киреше жана трансферттеринин көлөмү (№2 тиркемеге ылайык) келтирилсин, өздүк  бекитилген киреше мурунку жылдын фактысына негиз бекитилсин.
    1. Ак-Суу айыл өкмөтүнүн 2020-жылдагы бюджетинин чыгаша бөлүгү 11686,5 (он бир млн.алты жүз сексен алты миң беш жүз) сом (№3 тикемеге ылайык) бекитилсин.
    1. 2019-жылы пайдаланылбай калган 3623241 (үч млн. алты жүз жыйырма үч миң эки жүз кырк бир) сом акча каражаты айыл өкмөтүнүн ар кандай чыгымдарына чыгымдоо жагы каралсын. (№4 тиркеме тиркелет) 
    1. 2019-жылдын атайын каражатындагы пайдаланылбай калган 14950 (он төрт миң тогуз жүз элүү) сом акча каражаты  айыл өкмөтүнүн түрдүү чыгымдары үчүн жумшалсын. (№4 тиркемеге негиз)
    1. Республикалык бюджеттен берилген теңдөөчү грант биринчи кезекте коргоого алынган беренелерге (айлык акы, соц. фонд, тамак аш, көмүр, байланыш, электр энергиясына) калган суммасы  башка түрдүү беренелерге жумшалсын.
    1. Функционалдык классификациялык бөлүмдөрдө беренелерден беренелерге жылдыруулар айыл өкмөтүнүн башчысынын буйругунун негизинде жүргүзүлсүн.
    1. “Кыргыз Республикасынын бюджеттик укуктарынын негизги принциптери жөнүндөгү” мыйзамынын 21-беренесине ылайык жалпы жалпы жылдык бюджеттин 1пайыз  өлчөмүндө 116000 (бир жүз он алты миң) сом өлчөмүндө айыл өкмөтүнүн резервдик фонду түзүлсүн.
    1. Бюджетке өзгөртүүлөрдү киргизүү жана айылдык кеңешке сунуш берүү жагы     Ак-Суу айыл өкмөтүнүн ФЭБ башчысына милдеттендирилсин.
    1. Айыл өкмөттүн бюджетин үзгүлтүксүз камсыз кылуу максатында салык жана салыктык эмес төлөмдөрдүн белгиленген пландарынын ар бир түрү боюнча аткаруу айыл өкмөтүнүн  салык инспекторуна  милдеттендирилсин.
    1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 8-июлундагы №403 токтомуна негиз айыл өкмөттүн 2(эки) айыл башчысынын ордуна 4 (төрт) айыл башчы, жарым ставка менен 2 (эки) кызматкер аскердик учетко алууга, айлык акылары жетектөөчү адистин айлык акысынын деңгээлинде каралып бекитилсин.
    1. Ак-Суу айыл өкмөтүнүн жыл башына 2020-жылга жүгүртүлүүчү накталайакча каражаты 200000,0 (эки жүз) миң сом өлчөмүндө пайдаланылбай калган калган акча каражатынын эсебинен бекитилсин.
    1. Жогорудагы аныкталып бекитилген жергиликтүү бюджеттин аткарылышы боюнча айылдык кеңештин финансы жана бюджет комитетине билдирүү берип туруу жагы финансы экономикалык бөлүмүнө  милдеттендирилсин.
    1. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы айылдык кеңештин төрагасынын орун басары К.Төрөкуловго жана финансы жана бюджет комитетинин төрагасы Д.Шадыкановго милдеттендирилсин.

     

    №1 тиркеме №2 тиркеме №3 тиркеме №4 тиркеме

     

     

    Төрага:                                                                                                                     С.Барпиев.

     

     


     

    shapka

    12.02.2020-жыл.                                                                                           Ак-Суу айылы.

    Ак-Суу айыл аймагынын айылдык кеңешинин VII чакырылышынын                      кезектеги ХVII сессиясы

                                                                      ТОКТОМ №1/3.

             “Ак-Суу айыл өкмөтүнүн  2020-жылга иш планын бекитүү жөнүндө”

              Ак-Суу айыл өкмөтүнүн 2020-жылга иш планын бекитүү жөнүндө айыл өкмөт башчысы У.Качыбековдун билдирүүсүн угуп жана талкуулап, Ак-Суу айылдык кеңеши:

    ТОКТОМ КЫЛАТ:

    1. Ак-Суу айыл өкмөтүнүн 2020-жылга аткарыла турган иш планы бекитилсин.

    (тиркеме тиркелет).

    1. Ак-Суу айыл аймагынын айылдык Кеңешинин ушул токтому, Ак-Суу айыл аймагынын айыл Өкмөтүнүн aksuu.biz. kg расмий веб-сайтына жарыялансын.
    1. Аталган токтомду расмий жарыялоо жана КРнын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы жооптуу катчы С.Мамытовго жүктөлсүн.
    1. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Ак-Суу айылдык кеңешинин төрагасынын орун басары К.Төрөкуловго милдеттендирилсин.

    Тиркеме иш план

     

       Төрага:                                                                                                                    С.Барпиев.

     

     


     

    shapka

    12.02.2020-жыл.                                                                                        Ак-Суу айылы.

    Ак-Суу айыл аймагынын айылдык кеңешинин VII чакырылышынын                      кезектеги ХVII сессиясы

                                                                      ТОКТОМ №2/1.

    “ Ак-Суу ЖКнин 2019-жылда киреше жана чыгаша бөлүгүнүн аткарылышы,   2020-жылга карата киреше жана чыгаша бөлүгүн бекитүү жөнүндө”

    Ак-Суу ЖКнин 2019-жылда киреше жана чыгаша бөлүгүнүн аткарылышы,      2020-жылга карата киреше жана чыгаша бөлүгүн бекитүү жөнүндө ЖКнин төрагасы Э.Жоробековдун билдирүүсүн угуп жана талкуулап Ак-Суу айылдык кеңеши:

    ТОКТОМ КЫЛАТ:

    1. Ак-Суу ЖКнин 2019-жылда киреше жана чыгаша бөлүгүнүн аткарылышы “канааттандырарлык” деп белгиленсин. 
    1. Ак-Суу ЖКнин 2020-жылга карата бюджетинин киреше жана чыгаша бөлүгү (1-тиркемеге) ылайык бекитилсин.

    (1-тиркеме тиркелет)

    1. Ак-Суу ЖКнин жайыттарды башкаруу жана пайдалануунун 2020-жылга карата жылдык иш планы бекитилсин. (2-тиркеме тиркелет).
    1. Ак-Суу айыл аймагынын айылдык Кеңешинин ушул токтому, Ак-Суу айыл аймагынын айыл Өкмөтүнүн aksuu.biz. kg расмий веб-сайтына жарыялансын.
    1. Аталган токтомду расмий жарыялоо жана КРнын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы жооптуу катчы С.Мамытовго жүктөлсүн.
    1. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин агрардык комитетинин төрагасы Н.Акматовго милдеттендирилсин.

    №1 тиркеме №2 тиркеме

     

    Төрага:                                                                                                                         С.Барпиев.

     


     

    shapka

    12.02.2020-жыл.                                                                                         Ак-Суу айылы.

    Ак-Суу айыл аймагынын айылдык кеңешинин VII чакырылышынын                      кезектеги ХVII сессиясы

                                                                      ТОКТОМ №2/2.

    “ Ак-Суу ЖКнин төрагасы Э.Жоробековдун жайыт жерлерин пайдалангандыгы үчүн акы төлөмдөрүнүн өлчөмдөрү жөнүндө”

    Ак-Суу ЖКнин төрагасы Э.Жоробековдун жайыт жерлерин пайдалангандыгы үчүн акы төлөмдөрүнүн өлчөмдөрү жөнүндө билдирүүсүн угуп жана талкуулап Ак-Суу айылдык кеңеши:

    ТОКТОМ КЫЛАТ:

    1. Ак-Суу ЖКнин 2020-жылга жайыт жерлерин пайдаланган атуулдарга төмөнкү тартипте мал жандыктардын башын карап чыгып:

    1 баш кара мал, жылкы, үчүн 1 жылга 65 сом (1 коэффициент),  бир жаштагы кара мал үчүн 1 жылга 45 сом (0,7 коэффициент), 1 баш кой, эчки үчүн 1 жылга    13 сом (0,2 коэффициент) бекитилсин.

    1. Башка айыл өкмөттөрдөн, район, шаарлардан келген мал жандыктарын Ак-Суу ЖКнин жайыт жерлерин пайдалангандыгы үчүн жогорудагы берилген коэффициент 1,5 ( бир жарым) эсеге жогорулатылып өндүрүлсүн. 
    1. Ак-Суу айыл аймагынын айылдык Кеңешинин ушул токтому, Ак-Суу айыл аймагынын айыл Өкмөтүнүн aksuu.biz. kg расмий веб-сайтына жарыялансын.
    1. Аталган токтомду расмий жарыялоо жана КРнын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы жооптуу катчы С.Мамытовго жүктөлсүн.
    1. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин агрардык комитетинин төрагасы Н.Акматовго милдеттендирилсин.

     

    Төрага:                                                                                                                  С.Барпиев.

     

     


     

    shapka

    12.02.2020-жыл.                                                                                                 Ак-Суу айылы.

    Ак-Суу айыл аймагынын айылдык кеңешинин VII чакырылышынын                       кезектеги ХVII сессиясы

    ТОКТОМ/ПОСТАНОВЛЕНИЕ №3/1.

    “Ак-Суу айыл аймагындагы №2342 Коргон-Дөбө жана №2343 Ак-Суу шайлоо участкаларындагы шайлоо комиссиясынын мүчөлөрүн бекитүү жөнүндө”

    Ак-Суу айыл аймагындагы №2342 Коргон-Дөбө жана №2343 Ак-Суу шайлоо участкаларындагы шайлоо комиссиясынын мүчөлөрүн бекитүү жөнүндө, Ак-Суу айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысы С.Мамытовдун билдирүүсүн угуп жана талкуулап, Ак-Суу айылдык кеңеши:

    ТОКТОМ КЫЛАТ:

    1. Ак-Суу айыл аймагындагы №2342 Коргон-Дөбө жана №2343 Ак-Суу шайлоо участкаларындагы шайлоо комиссиясынын мүчөлөрү тиркемеге ылайык бекитилсин.                                                                                                                                                                                                                                                                        (№1 тиркеме, №2 тиркеме тиркелет).
    1. Ак-Суу айыл аймагынын айылдык Кеңешинин ушул токтому, Ак-Суу айыл аймагынын айыл Өкмөтүнүн aksuu.biz. kg расмий веб-сайтына жарыялансын.
    1. Аталган токтомду расмий жарыялоо жана КРнын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы жооптуу катчы С.Мамытовго жүктөлсүн.
    1. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Ак-Суу айыл аймагынын айылдык кеңешинин төрагасынын орун басары К. Төрөкуловго милдеттендирилсин.

     

    №1 тиркеме №2 тиркеме

     

    Төрага:                                                                                                                     С.Барпиев.

     

     


     

    shapka

    12.02.2020-жыл.                                                                                          Ак-Суу айылы.

    Ак-Суу айыл аймагынын айылдык кеңешинин VII чакырылышынын                      кезектеги ХVII сессиясы

                                                                      ТОКТОМ №3/2.

    “ Ак-Суу айыл өкмөтү боюнча там арка салыгын жана дүкөн, күркө, соода уюмдардын,кен казуу багытындагы ишканалардын салыктарын К-1 коэффициентине көтөрүү жөнүндө”

    Ак-Суу айыл өкмөтү боюнча там арка салыгын жана дүкөн, күркө, соода уюмдардын,кен казуу багытындагы ишканалардын салыктарын К-1 коэффициентине көтөрүү жөнүндө салыкчы Ч.Жуманазаровдун билдирүүсүн угуп жана талкуулап Ак-Суу айылдык кеңеши:

    ТОКТОМ КЫЛАТ:

    1. Ак-Суу айыл өкмөтү боюнча там арка салыгы пенсионерлердин жана көп балалуу үй-бүлөлөрдүн 15(он беш) сотухтан ашкан жерлерине салык төгүү эскертилсин.
    1. Ак-Суу айыл өкмөтүндөгү айыл чарба багытындагы жана айыл чарба багытындагы эмес жерлерге К-1 коэффициенти бекитилип берилсин.    (дүкөн, күркө, соода уюмдары, кен казуу багытындагы мекеме ишканалар).
    1. Ак-Суу айыл аймагынын айылдык Кеңешинин ушул токтому, Ак-Суу айыл аймагынын айыл Өкмөтүнүн aksuu.biz. kg расмий веб-сайтына жарыялансын.
    1. Аталган токтомду расмий жарыялоо жана КРнын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы жооптуу катчы С.Мамытовго жүктөлсүн.
    1. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин бюджет жана каржы комитетинин төрагасы Д.Шадыкановго милдеттендирилсин.

     

     

    Төрага:                                                                                                                       С.Барпиев.

     

     


     

    shapka

    12.02.2020-жыл.                                                                                            Ак-Суу айылы.

    Ак-Суу айыл аймагынын айылдык кеңешинин VII чакырылышынын                       кезектеги ХVII сессиясы

    ТОКТОМ/ПОСТАНОВЛЕНИЕ №3/3.

               “Ак-Сай айылынын тургуну Б.Дүйшебаевдин арызын кароо жөнүндө  ”

    Ак-Сай айылынын тургуну Б.Дүйшебаевдин №21 “Таң-Шооласы” балдар бакчасына Дүйшебаева Бүбайымдын ысымын ыйгарып берүү жөнүндөгү арызын угуп жана талкуулап, Ак-Суу айылдык кеңеши:

    ТОКТОМ КЫЛАТ:

    1. №21 “Таң-Шооласы” балдар бакчасына Дүйшебаева Бүбайымдын ысымы ыйгарылсын.
    1. Мындан ары Дүйшебаева Бүбайым атындагы №21 “Таң-Шооласы” балдар бакчасы деп аталсын.
    1. Юстиция башкармалыгынан каттатып келүүгө кеткен чыгымдары Б. Дүйшебаевге жүктөлсүн.
    1. Ак-Суу айыл аймагынын айылдык Кеңешинин ушул токтому, Ак-Суу айыл аймагынын айыл Өкмөтүнүн aksuu.biz. kg расмий веб-сайтына жарыялансын.
    1. Аталган токтомду расмий жарыялоо жана КРнын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы жооптуу катчы С.Мамытовго жүктөлсүн.
    1. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин төрагасынын орун басары К.Төрөкуловго милдеттендирилсин.

     

     

    Төрага:                                                                                                                      С.Барпиев.

     


     

    shapka

    12.02.2020-жыл.                                                                                          Ак-Суу айылы.

    Ак-Суу айыл аймагынын айылдык кеңешинин VII чакырылышынын                       кезектеги ХVII сессиясы

    ТОКТОМ/ПОСТАНОВЛЕНИЕ №3/4.

             “Коргон-Дөбө айылынын тургуну Боталиев Жанаттын арызын кароо жөнүндө”

    Коргон-Дөбө айылынын Суук-Башат көчөсүнө Боталиев Алимбектин ысымын ыйгарып берүү жөнүндө жооптуу катчы С.Мамытовдун билдирүүсүн угуп жана талкуулап, Ак-Суу айылдык кеңеши:

    ТОКТОМ КЫЛАТ:

    1. Коргон-Дөбө айылынын Суук-Башат көчөсүнө Боталиев Алимбектин ысымын ыйгаруу, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 23-октябрь 2017-жылдагы №690-токтомунун 10-пункутуна негиз, токтотуп туруу жагы белгиленсин.
    1. Ак-Суу айыл аймагынын айылдык Кеңешинин ушул токтому, Ак-Суу айыл аймагынын айыл Өкмөтүнүн aksuu.biz. kg расмий веб-сайтына жарыялансын.
    1. Аталган токтомду расмий жарыялоо жана КРнын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы жооптуу катчы С.Мамытовго жүктөлсүн.
    1. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин төрагасынын орун басары К.Төрөкуловго милдеттендирилсин.

     

     

    Төрага:                                                                                                                      С.Барпиев.

     

     


     

    shapka

    12.02.2020-жыл.                                                                                     Ак-Суу айылы.

    Ак-Суу айыл аймагынын айылдык кеңешинин VII чакырылышынын                       кезектеги ХVII сессиясы

    ТОКТОМ/ПОСТАНОВЛЕНИЕ №3/5.

             “Жер конушка жерди трансформациялоо жөнүндө”

    Ак-Суу айыл аймагында жер конушка кезекке турган атуулдардарга Ортоңку-Жон, Жол-Колот, Мор-Булак, Сары-Жайык,  Жалпактын бели, Восточныйдан жер конушка жерди трансформациялоо жөнүндө жер адиси А.Алымкуловдун билдирүүсүн угуп жана талкуулап,  Ак-Суу айылдык кеңеши:

    ТОКТОМ КЫЛАТ:

    1. Ак-Суу айыл аймагындагы Ортоңку-Жон, Жол-Колот, Мор-Булак, Сары-Жайык, Жалпактын бели, Восточный участкаларын тиешелүү мамлекеттик органдар менен тактап, мыйзам ченемдүү жер конушка трансформациялоого даярдоо жагы айыл өкмөтүнүн башчысы У.Качыбековго жер адиси А.Алымкуловго милдеттендирилсин.
    1. Ак-Суу айыл аймагынын айылдык Кеңешинин ушул токтому, Ак-Суу айыл аймагынын айыл Өкмөтүнүн aksuu.biz. kg расмий веб-сайтына жарыялансын.
    1. Аталган токтомду расмий жарыялоо жана КРнын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы жооптуу катчы С.Мамытовго жүктөлсүн.
    1. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин төрагасынын орун басары К.Төрөкуловго милдеттендирилсин.

     

    Төрага:                                                                                                                      С.Барпиев.

     

     


    shapka

    12.02.2020-жыл.                                                                                            Ак-Суу айылы.

    Ак-Суу айыл аймагынын айылдык кеңешинин VII чакырылышынын                       кезектеги ХVII сессиясы

    ТОКТОМ/ПОСТАНОВЛЕНИЕ №3/6.

             “Тех. сервистин жерин тактоо жөнүндө”

    Ак-Суу айыл аймагындагы эски гараждын жерин тактоо жөнүндө жер адиси А.Алымкуловдун билдирүүсүн угуп жана талкуулап,  Ак-Суу айылдык кеңеши:

    ТОКТОМ КЫЛАТ:

    1. Ак-Суу айыл аймагындагы эски гараждын жерин мыйзам ченемдүү тактап, тех. сервиске ажыратып берүү жагы жер адиси А.Алымкуловго милдеттендирилсин.
    1. Ак-Суу айыл аймагынын айылдык Кеңешинин ушул токтому, Ак-Суу айыл аймагынын айыл Өкмөтүнүн aksuu.biz. kg расмий веб-сайтына жарыялансын.
    1. Аталган токтомду расмий жарыялоо жана КРнын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы жооптуу катчы С.Мамытовго жүктөлсүн.
    1. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин агардык комитетинин төрагасы Н.Акматовго милдеттендирилсин.

     

    Төрага:                                                                                                                      С.Барпиев.

     

     


     

    shapka

    12.02.2020-жыл.                                                                                    Ак-Суу айылы.

    Ак-Суу айыл аймагынын айылдык кеңешинин VII чакырылышынын                      ХVII сессиясы

                                                                      ТОКТОМ №3/7.

    “Ак-Суу айылдык кеңешинин 2020-жылга карата иш планын бекитүү жөнүндө”

               Ак-Суу айылдык кеңешинин 2020-жылга иш планын бекитүү жөнүндө айылдык кеңештин төрагасы С.Барпиевдин билдирүүсүн угуп жана талкуулап, Ак-Суу айылдык кеңеши:

    ТОКТОМ КЫЛАТ:

    1. Ак-Суу айылдык кеңешинин 2020-жылга карата иш планы бекитилсин.                                                                                  (тиркеме тиркелет)
    1. Ак-Суу айыл аймагынын айылдык Кеңешинин ушул токтому, Ак-Суу айыл аймагынын айыл Өкмөтүнүн aksuu.biz. kg расмий веб-сайтына жарыялансын.
    1. Аталган токтомду расмий жарыялоо жана КРнын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы жооптуу катчы С.Мамытовго жүктөлсүн.
    1. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Ак-Суу айылдык кеңешинин төрагасынын орун басары К.Төрөкуловго милдеттендирилсин.

    №1 тиркеме  

     

    Төрага:                                                                                                                        С.Барпиев.

     


     

     

     

  • 05Мар

    shapka

    24.12.2019-жыл.                                                                                  Ак-Суу айылы.

    Ак-Суу айыл аймагынын айылдык кеңешинин VII чакырылышынын                       кезексиз ХVI сессиясы

    ТОКТОМ/ПОСТАНОВЛЕНИЕ №1.

               “Ак-Суу айыл өкмөтүнүн 2020-2021-2022-жылдарга киреше бөлүгүнүн болжолдуу долбоорун бекитүү жөнүндө”                                                                                                                                          

    Ак-Суу айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинин 2020-2021-2022-жылдарга киреше бөлүгүнүн болжолдуу долбоорун бекитүү жөнүндө Ак-Суу айылдык кеңешинин финансы жана бюджет комитетинин билдирүүсүн угуп жана талкуулап, Ак-Суу айылдык кеңеши :

    ТОКТОМ КЫЛАТ:

    1. Ак-Суу айыл өкмөтүнүн 2020-жылга жергиликтүү бюджетинин киреше бөлүмдөрүнүн болжолдуу долбоору 2020-жылдагы жыйналуучу салыктардын жана жыйымдардын маалыматына негиз бекитилсин.

          (тиркеме тиркелет).

    1. Ак-Суу айыл өкмөтүнүн 2020-жылга жергиликтүү бюджетинин  чыгаша бөлүктөрү салыктын кирешелерге  жана бөлүнгөн трансферттерге негиз чыгымдоого алынсын.

    (тиркеме тиркелет)

    1. Ак-Суу айыл өкмөтүнүн 2021-2022-жылдарга жергиликтүү бюджеттин киреше бөлүмүнүн болжолдуу долбоору жыйналуучу салыктардын жана жыйымдардын маалыматына негиз бекитилсин.

    (тиркеме тиркелет)

    1. Ак-Суу айыл аймагынын айылдык Кеңешинин ушул токтому, Ак-Суу айыл аймагынын айыл Өкмөтүнүн aksuu.biz. kg расмий веб-сайтына жарыялансын.
    1. Аталган токтомду расмий жарыялоо жана КРнын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы жооптуу катчы С.Мамытовго жүктөлсүн.
    1. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы финансы жана бюджет комитетинин төрагасы Д.Шадыкановго милдеттендирилсин.

     

    тиркеме 1 тиркеме 2 тиркеме 3

    Төрага:                                                                                                                     С.Барпиев.

     

     


    shapka

    24.12.2019-жыл.                                                                                         Ак-Суу айылы.

    Ак-Суу айыл аймагынын айылдык кеңешинин VII чакырылышынын                       кезексиз ХVI сессиясы

    ТОКТОМ/ПОСТАНОВЛЕНИЕ №1/2.

               “Аймактарды өнүктүрүү жана  өлкөнү санариптештирүү жылына карата Республикалык бюджеттен бөлүнүп берилген акча каражатын айыл өкмөтүнүн бюджетине кабыл алуу жөнүндө”

    Ак-Суу айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетине 2019-жылдын декабрь айында “Аймактарды өнүктүрүү жана  өлкөнү санариптештирүү” жылына карата Республикалык бюджеттен бөлүнүп берилген 200000 (эки жүз миң) сом акча каражатын айыл өкмөтүнүн бюджетине кабыл алуу жөнүндө  ФЭБ башчысы Э. Алымкуловдун билдирүүсүн   угуп жана талкуулап, Ак-Суу айылдык кеңеши:

    ТОКТОМ КЫЛАТ:

    1. Ак-Суу айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетине 2019-жылдын декабрь айында “Аймактарды өнүктүрүү жана өлкөнү санариптештирүү” жылына карата Республикалык бюджеттен бөлүнүп берилген 200000 (эки жүз миң) сом акча каражаты айыл өкмөтүнүн бюджетине кабыл алынсын.
    1. Жогоруда бөлүнүп берилген акча каражатын максаттуу пайдалануу үчүн 2215 түрдүү чыгымдарга отургузуу менен 2020-жылда аткарылуучу проектилерди каржылоого макулдук берилсин.
    1. Ак-Суу айыл аймагынын айылдык Кеңешинин ушул токтому, Ак-Суу айыл аймагынын айыл Өкмөтүнүн aksuu.biz. kg расмий веб-сайтына жарыялансын.
    1. Аталган токтомду расмий жарыялоо жана КРнын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы жооптуу катчы С.Мамытовго жүктөлсүн.
    1. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы финансы жана бюджет комитетинин төрагасы Д.Шадыкановго милдеттендирилсин.

     

     

    Төрага:                                                                                                                     С.Барпиев.

     


     

    shapka

    24.12.2019-жыл.                                                                                 Ак-Суу айылы.

    Ак-Суу айыл аймагынын айылдык кеңешинин VII чакырылышынын                       кезексиз ХVI сессиясы

    ТОКТОМ/ПОСТАНОВЛЕНИЕ №2.

    “ Аксы райондук эмгек жана социалдык өнүгүү башкармалыгы менен Ак-Суу айыл өкмөтүнүн ортосунда түзүлгөн келишимге макулдук берүү жөнүндө”

    Аксы райондук эмгек жана социалдык өнүгүү башкармалыгы менен Ак-Суу айыл өкмөтүнүн ортосунда түзүлгөн келишимге макулдук берүү жөнүндө Ак-Суу айылдык кеңешинин финансы жана бюджет комитетинин билдирүүсүн угуп жана талкуулап,        Ак-Суу айылдык кеңеши :

    ТОКТОМ КЫЛАТ:

    1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 19-декабрындагы №715 “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына берилген айрым мамлекеттик ыйгарым укуктарды ишке ашыруу үчүн Республикалык бюджеттен жергиликтүү бюджеттерге трансферттердин көлөмүн эсептөөнүн убактылуу методикасын бекитүү жөнүндө”токтомуна ылайык Аксы райондук эмгек жана социалдык өнүгүү башкармалыгы менен Ак-Суу айыл өкмөтүнүн ортосунда түзүлгөн келишимге макулдук берилсин.
    1. Ак-Суу айыл аймагынын айылдык Кеңешинин ушул токтому, Ак-Суу айыл аймагынын айыл Өкмөтүнүн aksuu.biz. kg расмий веб-сайтына жарыялансын.
    1. Аталган токтомду расмий жарыялоо жана КРнын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы жооптуу катчы С.Мамытовго жүктөлсүн.
    1. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы финансы жана бюджет комитетинин төрагасы Д.Шадыкановго милдеттендирилсин.

     

     

    Төрага:                                                                                                                     С.Барпиев.

     


    shapka

    24.12.2019-жыл.                                                                                           Ак-Суу айылы.

    Ак-Суу айыл аймагынын айылдык кеңешинин VII чакырылышынын                       кезексиз ХVI сессиясы

    ТОКТОМ/ПОСТАНОВЛЕНИЕ №2/1.

    “ Келишимди бекитип берүү жөнүндө”

    Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын алдындагы Калкты жана жарандык абалдын актыларын  каттоо департаменти менен       Ак-Суу айыл өкмөтүнүн ортосундагы келишимди бекитип берүү жөнүндө айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысы С.Мамытовдун билдирүүсүн угуп жана талкуулап. Ак-Суу айылдык кеңеши :

    ТОКТОМ КЫЛАТ:

    1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын алдындагы Калкты жана жарандык абалдын актыларын каттоо департаментинин директору М.К.Пратова жана Ак-Суу айыл өкмөтүнүн башчысы У.М.Качыбеков Кыргыз Республикасынын Конституциясын, “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө”,  “Жарандык абалдын актылары жөнүндө”,  “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына айрым мамлекеттик ыйгарым укуктарды берүү тартиби жөнүндө” мыйзамдарын Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын      21-апрелиндеги №238 токтому менен бекитилген жобону жетекчиликке  алуу менен түзүлгөн келишим бекитилсин.
    1. Жогоруда токтомду аткаруу Ак-Суу айыл өкмөтүнүн  башчысы У.Качыбековго  жүктөлсүн.
    1. Ак-Суу айыл аймагынын айылдык Кеңешинин ушул токтому, Ак-Суу айыл аймагынын айыл Өкмөтүнүн aksuu.biz. kg расмий веб-сайтына жарыялансын.
    1. Аталган токтомду расмий жарыялоо жана КРнын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы жооптуу катчы С.Мамытовго жүктөлсүн.
    1. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы финансы жана бюджет комитетинин төрагасы Д.Шадыкановго милдеттендирилсин.

     

    Төрага:                                                                                                                     С.Барпиев

     

     


     

    shapka

    24.12.2019-жыл.                                                                                               Ак-Суу айылы.         Ак-Суу айыл аймагынын айылдык кеңешинин VII чакырылышынын                     кезексиз ХVI сессиясы

    ТОКТОМ/ПОСТАНОВЛЕНИЕ №3/1.

    “ Мекемени кайра каттоо жөнүндө”

    КРнын “Жергиликтүү өзүн өзү башкаруу жөнүндө”, КРнын “Жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын шайлоо жөнүндө”, КРнын “Жергиликтүү кеңештеринин депутаттарынын статусу жөнүндө”,  жана КРнын “Юридикалык жактарды, филиалдарды  (өкүлчүлүктөрдү) мамлекеттик каттоо жөнүндөгү” мыйзамдарынын негизинде, Ак-Суу айылдык Кеңешинин Регламентин талкуулоонун негизинде, Ак-Суу айылдык кеңеши:

    ТОКТОМ КЫЛАТ:

    1. “Ак-Суу айыл аймагынын Айылдык Кеңеши” мекемеси кайра мамлекеттик каттоодон өткөрүлсүн. (мындан ары мекеме).

    Мекеменин толук фирмалык аталышы:

    Мамлекеттик тилде: “Ак-Суу айыл аймагынын айылдык Кеңеши” мекемеси.

    Расмий тилде: Учреждение “Айылный кенеш”  Ак-Сууйского айылного аймака”.

    1. Мекеменин юридикалык дареги: Кыргыз Республикасы, Жалал-Абад облусу, Аксы району, Ак-Суу айылы, С.Добулбеков көчөсү, үй №3.
    1. Ак-Суу айыл аймагынын Айылдык Кеңешинин Регламенти бекитилсин.                                                                                                                                                (Тиркеме тиркелет)
    1. Ак-Суу айыл аймагынын айылдык Кеңешинин ушул токтому, Ак-Суу айыл аймагынын айыл Өкмөтүнүн aksuu.biz. kg расмий веб-сайтына жарыялансын.
    1. Аталган токтомду расмий жарыялоо жана КРнын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы жооптуу катчы С.Мамытовго жүктөлсүн.
    1. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү өзүмө калтырамын.

    Юридикалык жакты кайра каттоо жөнүндө уюштуруучунун (уюштуруучулардын) чечиминде андагы көрсөтүлгөн маалыматтардын,о. э. мамлекеттик каттоо үчүн тапшырылган документтердеги маалыматтардын аныктыгын жана мыйзамда белгиленген учурларда юридикалык жакты түзүү мекемелери тиешелүү малекеттик жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен макулдашылсын.

    Тиркеме Регламент

     

    Төрага:                                                                                                                        С.Барпиев.

     

     


    shapka

    24.12.2019-жыл.                                                                                                  Ак-Суу айылы. 

           Ак-Суу айыл аймагынын айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезексиз ХVI сессиясы

    ТОКТОМ/ПОСТАНОВЛЕНИЕ №3/2.

    “ЖЧК “ Болсун групп” ишканасынын Көк-Кыя участкасындагы №6376СЕ лицензиясынын ишмердүүлүгүнө уруксат берүү жөнүндө”

    ЖЧК “ Болсун групп” ишканасынын Көк-Кыя участкасындагы №6376СЕ лицензиясынын ишмердүүлүгүнө уруксат берүү жөнүндө жер адиси А.Алымкуловдун билдирүүсүн угуп жана талкуулап, Ак-Суу айылдык кеңеши:

    ТОКТОМ КЫЛАТ:

    1. ЖЧК “ Болсун групп” ишканасынын Көк-Кыя участкасындагы №6376СЕ лицензиясынын ишмердүүлүгүнө уруксат берүү, М.Кайдалиевдин менен болгон талаш жери чечилгенге чейин ишмердүүлүгүн токтотуп туруу жагы белгиленсин.
    1. Ак-Суу айыл аймагынын айылдык Кеңешинин ушул токтому, Ак-Суу айыл аймагынын айыл Өкмөтүнүн aksuu.biz. kg расмий веб-сайтына жарыялансын.
    1. Аталган токтомду расмий жарыялоо жана КРнын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы жооптуу катчы С.Мамытовго жүктөлсүн.
    1. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин төрагасынын орун басары К.Төрөкуловго милдеттендирилсин.

     

     

    Төрага:                                                                                                               С.Барпиев.

     

     


     

    shapka

    24.12.2019-жыл.                                                                                                  Ак-Суу айылы. 

           Ак-Суу айыл аймагынын айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезексиз ХVI сессиясы

    ТОКТОМ/ПОСТАНОВЛЕНИЕ №3/3.

    “ЖЧК “ Нар-Таш ” ишканасынын арызын кароо жөнүндө”

    ЖЧК “Нар-Таш” ишканасынын Кара-Суу суусунун түштүк батыш тарабынан жумушчулар эс алып, вахтадагылар жашоого жай салуу үчүн сурулган жери жөнүндөгү арызын угуп жана талкуулап, Ак-Суу айылдык кеңеши:

    ТОКТОМ КЫЛАТ:

    1. ЖЧК “Нар-Таш” ишканасынын Кара-Суу суусунун түштүк батыш тарабынан жумушчулар эс алып, вахтадагылар жашоого жай салуу үчүн сурулган жерине макулдук берилсин.
    1. Кара-Суу суусунун түштүк батыш тарабынан жумушчулар эс алып, вахтадагылар жашоого жай салуу үчүн сурулган 2 га жер тилкесин мыйзам ченемдүү бөлүп берүү, транформациялоо жагы айыл өкмөтүнүн башчысы У.Качыбековго жана жер адиси А.Алымкуловго милдеттендирилсин.
    1. Ак-Суу айыл аймагынын айылдык Кеңешинин ушул токтому, Ак-Суу айыл аймагынын айыл Өкмөтүнүн aksuu.biz. kg расмий веб-сайтына жарыялансын.
    1. Аталган токтомду расмий жарыялоо жана КРнын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы жооптуу катчы С.Мамытовго жүктөлсүн.
    1. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин төрагасынын орун басары К.Төрөкуловго милдеттендирилсин.

     

     

    Төрага:                                                                                                               С.Барпиев.

     

     

     


     

    shapka

    24.12.2019-жыл.                                                                                                  Ак-Суу айылы. 

           Ак-Суу айыл аймагынын айылдык кеңешинин VII чакырылышынын   кезексиз ХVI сессиясы

    ТОКТОМ/ПОСТАНОВЛЕНИЕ №3/4.

    Коргон-Дөбө айылынын тургундарынын арызын кароо жөнүндө”

    Коргон-Дөбө айылынын тургундарынын бала бакча маселесин чечип берүү жөнүндөгү арызын угуп жана талкуулап, Ак-Суу айылдык кеңеши:

    ТОКТОМ КЫЛАТ:

    1. Коргон-Дөбө айылындагы Ф-14 китепканасы жайгашкан турак жайды бала бакчасына берүүгө макулдук берилсин.
    1. Коргон-Дөбө айылындагы Ф-14 китепканасы жайгашкан турак жайды бала бакчасына берүүгө керектүү иш кагаздарын мыйзам ченемдүү даярдоо жагы айыл өкмөтүнүн башчысы У.Качыбековго жүктөлсүн.
    1. Ак-Суу айыл аймагынын айылдык Кеңешинин ушул токтому, Ак-Суу айыл аймагынын айыл Өкмөтүнүн aksuu.biz. kg расмий веб-сайтына жарыялансын.
    1. Аталган токтомду расмий жарыялоо жана КРнын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы жооптуу катчы С.Мамытовго жүктөлсүн.
    1. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин төрагасынын орун басары К.Төрөкуловго милдеттендирилсин.

     

    Төрага:                                                                                                               С.Барпиев

     

     


     

    shapka

    24.12.2019-жыл.                                                                                                  Ак-Суу айылы. 

           Ак-Суу айыл аймагынын айылдык кеңешинин VII чакырылышынын  кезексиз ХVI сессиясы

    ТОКТОМ/ПОСТАНОВЛЕНИЕ №3/5.

    Ак-Сай айылынын тургуну К.Бекбаевдин арызын кароо жөнүндө”

                Ак-Сай айылынын тургуну К.Бекбаевдин Ак-Суу айыл өкмөтүнүн балансындагы “Үгүт-насыят” үйүндөгү бака теректерди кыркып, мечитке курула турган дааратканага иштетүүгө уруксат берүү жөнүндөгү арызын угуп жана талкуулап, Ак-Суу айылдык кеңеши:

    ТОКТОМ КЫЛАТ:

    1. “Үгүт-насыят” үйүндөгү бака теректерди кыркууга  макулдук берилсин.
    1. “Үгүт-насыят” үйүндөгү бака теректерди кыркууда мыйзам ченемдүү иш кагаздарын даярдоо жагы жер адиси А.Алымкуловго милдеттендирилсин.
    1. Ак-Суу айыл аймагынын айылдык Кеңешинин ушул токтому, Ак-Суу айыл аймагынын айыл Өкмөтүнүн aksuu.biz. kg расмий веб-сайтына жарыялансын.
    1. Аталган токтомду расмий жарыялоо жана КРнын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы жооптуу катчы С.Мамытовго жүктөлсүн.
    1. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин төрагасынын орун басары К.Төрөкуловго милдеттендирилсин.

     

     

    Төрага:                                                                                                               С.Барпиев


    shapka

    24.12.2019-жыл.                                                                                                  Ак-Суу айылы. 

           Ак-Суу айыл аймагынын айылдык кеңешинин VII чакырылышынын  кезексиз ХVI сессиясы

    ТОКТОМ/ПОСТАНОВЛЕНИЕ №3/6.

    Ак-Суу айылынын тургундары Ж.Камчыбековдун жана Н.Ташкулованын арызын кароо жөнүндө”

    Ак-Суу айылынын тургундары Ж.Камчыбековдун жана Н.Ташкулованын арызын угуп жана талкуулап, Ак-Суу айылдык кеңеши:

    ТОКТОМ КЫЛАТ:

    1. Ак-Суу айылынын тургундары Ж.Камчыбековдун жана Н.Ташкулованын арызында көрсөтүлгөн жер талаштуу болгондуктан, мыйзам ченемдүү карап чечүү жагы айыл өкмөтүнүн башчысы У.Качыбековго жана жер адиси А.Алымкуловго жүктөлсүн.
    1. Ак-Суу айыл аймагынын айылдык Кеңешинин ушул токтому, Ак-Суу айыл аймагынын айыл Өкмөтүнүн aksuu.biz. kg расмий веб-сайтына жарыялансын.
    1. Аталган токтомду расмий жарыялоо жана КРнын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы жооптуу катчы С.Мамытовго жүктөлсүн.
    1. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин төрагасынын орун басары К.Төрөкуловго жана агрардык комитетинин төрагасы Н Акматовго милдеттендирилсин.

     

     

    Төрага:                                                                                                               С.Барпиев


     

« Предыдущая страница   Следующая страница »