08.02.2019-жыл. Ак-Суу айылы.
Ак-Суу айыл аймагынын айылдык кеңешинин VII чакырылышынын ХII сессиясы
ТОКТОМ №1.
“ Ак-Суу айыл өкмөтүнүн 2019-жылга бюджетин бекитүү жана 2020-2021-жылдардын болжолдуу долбоору жөнүндө”
Ак-Суу айыл өкмөтүнүн 2019-жылга жергиликтүү бюджетинин түзүлүшү жана 2020-2021-жылдардын болжолдуу долбоорун бекитүү жөнүндө Ак-Суу айылдык кеңешинин бюджет боюнча туруктуу комитететинин төрагасынын корутундусун угуп жана талкуулап, Ак-Суу айылдык кеңеши:
ТОКТОМ КЫЛАТ:
- Ак-Суу айыл өкмөтүнүн 2018-жылга карата жергиликтүү бюджетинин киреше жана чыгаша бөлүмдөрүнүн аткарылышы жөнүндө ФЭБ башчысынын отчёту “канааттандырарлык” деп табылсын.
- Ак-Суу айыл өкмөтүнүн 2019-жылга жергиликтүү бюджетинин кирешесинин көлөмү 4194,8(төрт млн. бир жүз токсон жети миң сегиз жүз) сом, мунун ичинен атайын каражат 565,2(беш жүз алтымыш беш миң эки жүз) сом, жайыттын кирешеси 325,9 (үч жүз жыйырма беш миң тогуз жүз) сом, теңдөөчү грант 6660,4 (алты млн.алты жүз алтымыш миң төрт жүз) сом, жалпы 10855,2 (он млн. сегиз жүз элүү беш миң эки жүз) сом суммасында №1- тиркемеге ылайык бекитилсин.
- Ак-Суу айыл өкмөтүнүн 2020-2021-жылдагы жергиликтүү бюджетинин киреше бөлүгү жана трансферттердин болжолдуу көлөмү №2-тиркемеге ылайык бекитилсин жана өздүк киреше мурунку жылдын фактысына негиз бекитилсин.
- Ак-Суу айыл өкмөтүнүн 2019-жылдагы чыгаша бөлүгү №3-тиркемеге ылайык бекитилсин.
- 2018-жылдан пайдаланбай калган 1134827,88 (бир млн. бир жүз отуз төрт миң сегиз жүз жыйырма жети сом 88 тыйын) акча каражаты ар кандай чыгымдарга чыгымдоо жагы каралсын. №4-тиркеме тиркелет).
- 2018-жылдын атайын каражатындагы пайдаланбай калган 117090(бир жүз он жети миң токсон) сомакча каражаты айыл өкмөтүнүн башкаруу аппаратына компьютердик камсыздоолорду алуу үчүн жумшалсын.№5 -тиркеме тиркелет).
- Республикалык бюджеттен берилген теңдөөчү грант биринчи кезекте коргоого алынган беренелерге (айлык акы, соц. фонд, тамак-аш, көмүр, байланыш, электр энергиясына) калган суммасы башка түрдүү беренелерге жумсалсын.
- Функционалдык классификациялык бөлүмдөрдө беренелерден беренелерге жылдыруулар айыл өкмөтүнүн башчысынын буйругунун негизинде жүргүзүлсүн.
- “КРнын бюджеттик укуктарынын негизги принциптери жөнүндөгү” мыйзамынын 21-беренесине ылайык жалпы жылдык бюджеттин 1% 108,0 (бир жүз сегиз миң) сом өлчөмүндөайыл өкмөтүнүн резервдик фоонду түзүлсүн.
- Бюджетке өзгөртүүлөрдү киргизүү жана айылдык кеңешке сунуш берүү жагы Ак-Суу айыл өкмөтүнүн каржы бөлүмүнүн башчысына милдеттендирилсин.
- Айыл өкмөтүнүн бюджетин үзгүлтүксүз камсыз кылуу максатында салык жана салык эмес төлөмдөрдүн белгиленген пландарын ар бир түрү боюнча аткарууну айыл өкмөтүнүн салык инспекторуна милдеттендирилсин.
- КРнын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 8-июлундагы№403-токтомуна негиз айыл өкмөттүн 2(эки) айыл башчысынын ордуна 4(төрт) айыл башчы, жарым ставка менен 2 (эки) кызматкер аскердик каттоого алууга, алууга айлык акылары жетектөөчү адистин айлык акысынын денгээлинде каралып бекитилсин.
- Ак-Суу айыл өкмөтүнүн жыл башына 2019-жылга жүгүртүлүүчү накталай акча каражаты 208000,00 (эки жүз сегиз миң) сом, өлчөмү менен бекитилсин.
- Жогоруда аталган жергиликтүү бюджеттин аткарылышы боюнча айылдык кеңештин бюджет жана каржы комитетине билдирүү берип туруу жагы ФЭБ башчысына милдеттендирилсин.
- Ак-Суу айыл аймагынын айылдык Кеңешинин ушул токтому, Ак-Суу айыл аймагынын айыл Өкмөтүнүн aksuu.biz. kg расмий веб-сайтына жарыялансын.
- Ак-Суу айыл аймагынын айылдык Кеңешинин ушул токтому, Ак-Суу айыл аймагынын айыл Өкмөтүнүн расмий веб-сайтына жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.
- Аталган токтомду расмий жарыялоо жана КРнын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы жооптуу катчы С.Мамытовго жүктөлсүн.
- Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы айылдык кеңешинин төрагасынын орун басары К.Төрөкуловго, бюджет жана каржы комитетинин төрагасы Д.Шадыкановго милдеттендирилсин.
Ак-Суу айылдык кеңешинин төрагасынын орун басары: К.Төрөкулов.
тиркеме 1 тиркеме 2 тиркеме 3 тиркеме 4 тиркеме 5
08.02.2019-жыл. Ак-Суу айылы.
Ак-Суу айыл аймагынын айылдык кеңешинин VII чакырылышынын ХII сессиясы
ТОКТОМ №2/1.
“ Ак-Суу ЖПБнин 2018-жылда киреше жана чыгаша бөлүгүнүн аткарылышы, 2019-жылга карата киреше жана чыгаша бөлүгүн бекитүү жөнүндө”
Ак-Суу ЖПБнин 2018-жылда киреше жана чыгаша бөлүгүнүн аткарылышы, 2019-жылга карата киреше жана чыгаша бөлүгүн бекитүү жөнүндө ЖПБнин бухгалтери Э.Жоробековдун билдирүүсүн угуп жана талкуулап Ак-Суу айылдык кеңеши:
ТОКТОМ КЫЛАТ:
- Ак-Суу ЖПБнин 2018-жылда киреше жана чыгаша бөлүгүнүн аткарылышы “канааттандырарлык” деп белгиленсин.
- Ак-Суу ЖПБнин 2019-жылга карата бюджетинин киреше жана чыгаша бөлүгү (1-тиркемеге) ылайык бекитилсин.
- Ак-Суу ЖПБнин жайыттарды башкаруу жана пайдалануунун 2019-жылга карата жылдык иш планы бекитилсин. (тиркеме тиркелет).
- Ак-Суу айыл аймагынын айылдык Кеңешинин ушул токтому, Ак-Суу айыл аймагынын айыл Өкмөтүнүн aksuu.biz. kg расмий веб-сайтына жарыялансын.
- Ак-Суу айыл аймагынын айылдык Кеңешинин ушул токтому, Ак-Суу айыл аймагынын айыл Өкмөтүнүн расмий веб-сайтына жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.
- Аталган токтомду расмий жарыялоо жана КРнын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы жооптуу катчы С.Мамытовго жүктөлсүн.
- Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин агрардык комитетинин төрагасы Н.Акматовго милдеттендирилсин.
Ак-Суу айылдык кеңешинин төрагасынын орун басары: К.Төрөкулов.
08.02.2019-жыл. Ак-Суу айылы.
Ак-Суу айыл аймагынын айылдык кеңешинин VII чакырылышынын ХII сессиясы
ТОКТОМ №2/2.
“ Ак-Суу ЖПБнин бухгалтери Э.Жоробековдун жайыт жерлерин пайдалангандыгы үчүн акы төлөмдөрүнүн өлчөмдөрү жөнүндө”
Ак-Суу ЖПБнин бухгалтери Э.Жоробековдун жайыт жерлерин пайдалангандыгы үчүн акы төлөмдөрүнүн өлчөмдөрү жөнүндө билдирүүсүн угуп жана талкуулап Ак-Суу айылдык кеңеши:
ТОКТОМ КЫЛАТ:
- Ак-Суу ЖПБнин 2019-жылга жайыт жерлерин пайдаланган атуулдарга төмөнкү тартипте мал жандыктардын башын карап чыгып:
- 1 баш кара мал, жылкы, үчүн 1 жылга 65 сом (1 коэффициент), бир жаштагы кара мал үчүн 1 жылга 45 сом (0,7 коэффициент), 1 баш кой, эчки үчүн 1 жылга 13 сом (0,2 коэффициент) бекитилсин. (тиркеме тиркелет)
- Башка айыл өкмөттөрдөн, район, шаарлардан келген мал жандыктарын Ак-Суу ЖПБнин жайыт жерлерин пайдалангандыгы үчүн жогорудагы берилген коэффициент 2 (эки) эсеге жогорулатылып өндүрүлсүн.
- Ак-Суу айыл аймагынын айылдык Кеңешинин ушул токтому, Ак-Суу айыл аймагынын айыл Өкмөтүнүн aksuu.biz. kg расмий веб-сайтына жарыялансын.
- Ак-Суу айыл аймагынын айылдык Кеңешинин ушул токтому, Ак-Суу айыл аймагынын айыл Өкмөтүнүн расмий веб-сайтына жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.
- Аталган токтомду расмий жарыялоо жана КРнын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы жооптуу катчы С.Мамытовго жүктөлсүн.
- Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин агрардык комитетинин төрагасы Н.Акматовго милдеттендирилсин.
Ак-Суу айылдык кеңешинин төрагасынын орун басары: К.Төрөкулов.
08.02.2019-жыл. Ак-Суу айылы.
Ак-Суу айыл аймагынын айылдык кеңешинин VII чакырылышынын ХII сессиясы
ТОКТОМ №3/1.
“ Ак-Суу айыл өкмөтү боюнча там арка салыгын жана дүкөн, күркө, соода уюмдардын,кен казуу багытындагы ишканалардын салыктарын К-1 коэффициентине көтөрүү жөнүндө”
Ак-Суу айыл өкмөтү боюнча там арка салыгын жана дүкөн, күркө, соода уюмдардын,кен казуу багытындагы ишканалардын салыктарын К-1 коэффициентине көтөрүү жөнүндө салыкчы Ч.Жуманазаровдун билдирүүсүн угуп жана талкуулап Ак-Суу айылдык кеңеши:
ТОКТОМ КЫЛАТ:
- Ак-Суу айыл өкмөтү боюнча там арка салыгы пенсионерлердин жана көп балалуу үй-бүлөлөрдүн 15(он беш) сотухтан ашкан жерлерине салык төгүү эскертилсин.
- Ак-Суу айыл өкмөтүндөгү айыл чарба багытындагы жана айыл чарба багытындагы эмес жерлерге К-1 коэффициенти бекитилип берилсин. (дүкөн, күркө, соода уюмдары, кен казуу багытындагы мекеме ишканалар).
- Ак-Суу айыл аймагынын айылдык Кеңешинин ушул токтому, Ак-Суу айыл аймагынын айыл Өкмөтүнүн aksuu.biz. kg расмий веб-сайтына жарыялансын.
- Ак-Суу айыл аймагынын айылдык Кеңешинин ушул токтому, Ак-Суу айыл аймагынын айыл Өкмөтүнүн расмий веб-сайтына жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.
- Аталган токтомду расмий жарыялоо жана КРнын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы жооптуу катчы С.Мамытовго жүктөлсүн.
- Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин бюджет жана каржы комитетинин төрагасы Д.Шадыкановго милдеттендирилсин.
Ак-Суу айылдык кеңешинин төрагасынын орун басары: К.Төрөкулов.
08.02.2019-жыл. Ак-Суу айылы.
Ак-Суу айыл аймагынын айылдык кеңешинин VII чакырылышынын ХII сессиясы
ТОКТОМ №3/2.
“Ак-Суу айылдык кеңешинин төрагасы Т.Эшалиевдин депутаттык ыйгарым укуктарын токтотуу жөнүндө”
Ак-Суу айылдык кеңешинин төрагасы Т.Эшалиевдин дүйнөдөн өткөндүгүнө байланыштуу депутаттык ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жөнүндө К.Төрөкуловдун сунушун угуп жана талкуулап, Ак-Суу айылдык кеңеши:
ТОКТОМ КЫЛАТ:
- Ак-Суу айылдык кеңешинин төрагасы Т.Эшалиевдин дүйнөдөн өткөндүгүнө байланыштуу депутаттык ыйгарым укугу токтотулсун.
- Бул токтомду бекитип берүү жагы аймактык шайлоо комиссиясынан суралсын.
- Ак-Суу айыл аймагынын айылдык Кеңешинин ушул токтому, Ак-Суу айыл аймагынын айыл Өкмөтүнүн aksuu.biz. kg расмий веб-сайтына жарыялансын.
- Ак-Суу айыл аймагынын айылдык Кеңешинин ушул токтому, Ак-Суу айыл аймагынын айыл Өкмөтүнүн расмий веб-сайтына жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.
- Аталган токтомду расмий жарыялоо жана КРнын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы жооптуу катчы С.Мамытовго жүктөлсүн.
- Бул токтомду жетекчиликке алуу айылдык кеңештин төрагасынын орун басары К.Төрөкуловдон суралсын.
Ак-Суу айылдык кеңешинин төрагасынын орун басары: К.Төрөкулов.
08.02.2019-жыл. Ак-Суу айылы.
Ак-Суу айыл аймагынын айылдык кеңешинин VII чакырылышынын ХII сессиясы
ТОКТОМ №3/3.
“ Ак-Суу айыл аймагында спирт ичимдиктерин саткан ишкерлерге спирт ичимдиктерин сатуусуна чектөө киргизүү жөнүндө”
Ак-Суу айыл аймагында спирт ичимдиктерин саткан ишкерлерге спирт ичимдиктерин сатуусуна чектөө киргизүү жөнүндө айылдык кеңештин депутаты Х.Дозоеванын сунушун угуп жана талкуулап, Ак-Суу айылдык кеңеши:
ТОКТОМ КЫЛАТ:
- Ак-Суу айыл аймагында лицензиясы жок спирт ичимдиктерин саткан ишкерлерди текшерип мыйзам ченемдүү сатуу жагын карап берүү Мамлекеттик салык кызматынын Жалал-Абад областынын Аксы району боюнча башкармалыгынан жана Монополияга каршы жөнгө салуу мамлекеттик агенттигинен суралсын.
- Айыл аймакта лицензиясы бар, спирт ичимдиктерин саткан ишкерлерге кечки 17-00дан таңкы 08-30гө чейин сатууга убактылуу чектөө киргизилсин.
- Ак-Суу айыл аймагынын айылдык Кеңешинин ушул токтому, Ак-Суу айыл аймагынын айыл Өкмөтүнүн aksuu.biz. kg расмий веб-сайтына жарыялансын.
- Ак-Суу айыл аймагынын айылдык Кеңешинин ушул токтому, Ак-Суу айыл аймагынын айыл Өкмөтүнүн расмий веб-сайтына жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.
- Аталган токтомду расмий жарыялоо жана КРнын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы жооптуу катчы С.Мамытовго жүктөлсүн.
- Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кеңештин укук тартиби жана мыйзамдуулук комитетинин төрагасы Т.Добулбековго милдеттендирилсин.
Ак-Суу айылдык кеңешинин төрагасынын орун басары: К.Төрөкулов.
08.02.2019-жыл. Ак-Суу айылы.
Ак-Суу айыл аймагынын айылдык кеңешинин VII чакырылышынын ХII сессиясы
ТОКТОМ №3/4.
“Ак-Суу айылдык кеңешинин 2019-жылга карата иш планын бекитүү жөнүндө”
Ак-Суу айылдык кеңешинин 2019-жылга иш планын айылдык кеңештин төрагасынын орун басары К.Төрөкуловдун билдирүүсүн угуп жана талкуулап, Ак-Суу айылдык кеңеши:
ТОКТОМ КЫЛАТ:
- Ак-Суу айылдык кеңешинин 2019-жылга карата иш планы бекитилсин. (тиркеме тиркелет)
- Ак-Суу айыл аймагынын айылдык Кеңешинин ушул токтому, Ак-Суу айыл аймагынын айыл Өкмөтүнүн aksuu.biz. kg расмий веб-сайтына жарыялансын.
- Ак-Суу айыл аймагынын айылдык Кеңешинин ушул токтому, Ак-Суу айыл аймагынын айыл Өкмөтүнүн расмий веб-сайтына жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.
- Аталган токтомду расмий жарыялоо жана КРнын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы жооптуу катчы С.Мамытовго жүктөлсүн.
- Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Ак-Суу айылдык кеңешинин төрагасынын орун басары К.Төрөкуловго милдеттендирилсин.
Ак-Суу айылдык кеңешинин төрагасынын орун басары: К.Төрөкулов.
08.02.2019-жыл. Ак-Суу айылы.
Ак-Суу айыл аймагынын айылдык кеңешинин VII чакырылышынын ХII сессиясы
ТОКТОМ №3/5.
“Ак-Суу айыл өкмөтүнүн салык инспектору Ч.Жуманазаровдун айлык акысын төлөп берүүнү Мамлекттик салык кызматынын Жалал-Абад областынын Аксы району боюнча башкармалыгына которуу жөнүндө”
Ак-Суу айыл өкмөтүнүн салык инспектору Ч.Жуманазаровдун айлык акысын төлөп берүүнү Мамлекттик салык кызматынын Жалал-Абад областынын Аксы району боюнча башкармалыгына которуу жөнүндө жооптуу катчы С.Мамытовдун билдирүүсүн угуп жана талкуулап, Ак-Суу айылдык кеңеши:
ТОКТОМ КЫЛАТ:
- Ак-Суу айыл өкмөтүнүн салык инспектору Ч.Жуманазаровдун айлык акысын төлөп берүү жагы Мамлекттик салык кызматынын Жалал-Абад областынын Аксы району боюнча башкармалыгынан суралсын.
- Ак-Суу айыл өкмөтүнүн салык инспектору Ч.Жуманазаровдун айлык акысын төлөп берүү үчүн Мамлекттик салык кызматынын Жалал-Абад областынын Аксы району боюнча башкармалыгына тиешелүү иш кагаздарын даярдап өткөрүү жагы ФЭБ башчысынын милдетин аткаруучу К.Мусабаевге милдеттендирилсин .
- Ак-Суу айыл аймагынын айылдык Кеңешинин ушул токтому, Ак-Суу айыл аймагынын айыл Өкмөтүнүн aksuu.biz. kg расмий веб-сайтына жарыялансын.
- Ак-Суу айыл аймагынын айылдык Кеңешинин ушул токтому, Ак-Суу айыл аймагынын айыл Өкмөтүнүн расмий веб-сайтына жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.
- Аталган токтомду расмий жарыялоо жана КРнын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы жооптуу катчы С.Мамытовго жүктөлсүн.
- Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Ак-Суу айылдык кеңешинин төрагасынын орун басары К.Төрөкуловго милдеттендирилсин.
Ак-Суу айылдык кеңешинин төрагасынын орун басары: К.Төрөкулов.
08.02.2019-жыл. Ак-Суу айылы.
Ак-Суу айыл аймагынын айылдык кеңешинин VII чакырылышынын ХII сессиясы
ТОКТОМ №3/6.
“Ак-Суу айыл өкмөтүнүн 2019-жылга иш планын 2019-жылга карата иш-чаралар планын бекитүү жөнүндө”
Ак-Суу айыл өкмөтүнүн 2019-жылга иш планын жана 2019-жылга карата иш-чаралар планын бекитүү жөнүндө айыл өкмөт башчысы У.Качыбековдун билдирүүсүн угуп жана талкуулап, Ак-Суу айылдык кеңеши:
ТОКТОМ КЫЛАТ:
- Ак-Суу айыл өкмөтүнүн 2019-жылга аткарыла турган иш планы бекитилсин.
(тиркеме тиркелет).
- Ак-Суу айыл өкмөтүнүн 2019-жыл “Аймактарды өнүктүрүү жана өлкөнү санариптештирүү”жылына карата айыл аймактарды өнүктүрүү боюнча иш чаралар планы бекитилсин. (тиркеме тиркелет).
- Ак-Суу айыл аймагынын айылдык Кеңешинин ушул токтому, Ак-Суу айыл аймагынын айыл Өкмөтүнүн aksuu.biz. kg расмий веб-сайтына жарыялансын.
- Ак-Суу айыл аймагынын айылдык Кеңешинин ушул токтому, Ак-Суу айыл аймагынын айыл Өкмөтүнүн расмий веб-сайтына жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.
- Аталган токтомду расмий жарыялоо жана КРнын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы жооптуу катчы С.Мамытовго жүктөлсүн.
- Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Ак-Суу айылдык кеңешинин төрагасынын орун басары К.Төрөкуловго милдеттендирилсин.
Ак-Суу айылдык кеңешинин төрагасынын орун басары: К.Төрөкулов.
тиркеме иш план ао //тиркеме олкону санариптештируу боюнча