
ТОКТОМ
ПОСТАНОВЛЕНИЕ
Ак-Суу айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын VI сессиясы
2022-жылдын 16-июну № 6/32 Ак-Суу айылы
Жер участогун мыйзамдаштырып берүү жөнүндө
Ак-Суу айылдык кеңешинин агрардык комитетинин сунушун угуп жана талкуулап, “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 34-беренесинин негизинде, Ак-Суу айылдык кеңеши:
ТОКТОМ КЫЛАТ:
- Төмөнкү жарандардын арызы боюнча жер участогун мыйзамдаштырып берүү жагы каралсын:
-Абдылдаева Эльнура Замирбековна (Таш-Кудуктагы участканы балдарымдын бирөөсүнө өткөрүп берүү боюнча)
-Жээнбеков Бузурманкул (Кызым Айнурага огороддогу ашыкча жеримди берүүӊүздү суранам)
-Кыдыков Алтынбек (Балапан Сайдан 2005-жылы короо жана жашаганга там салганбыз Ошол жерди мыйзамдаштырып берүү боюнча)
-Балтабаев Сапарбек (маркум атам Балтабаев Шайдылданын жашаган турак жайын өзүнө өткөрүп берүү боюнча)
-Жумабеков Бектен (маркум атам Жумабеков Өмүрзактын жер участогун мыйзамдаштырып берүү боюнча)
-Матмырзаев Болот(Каз участкасындагы көп жылдан бери жашап пайдаланып келген турак жайымды уулум Болотбек уулу Элмирбекке мыйзамдаштырып берүү боюнча)
-Момуналиев Эргешбек (Кемпирим Станбаева Анарканды короо кинигадан бөлүп, баламдын огородунан ашыкча жерин 20000квм бизге өткөрүп берүү боюнча)
-Ажыбаев З.А (өзүбүз жашап жаткан корообуздан участок бөлүп берүү боюнча)
-Камчыбекова Айжаркын (маркум кайнатам Жуманалиев Айталынын жерин мыйзам негизинде мага өткөрүп берүүӊүдү суранам деп кайрылган)
- Ушул токтом Ак-Суу айыл аймагынын www.aksuu.biz.kg расмий веб-сайтына жарыялансын.
- Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет;
- Ак-Суу айыл өкмөтүнүн башчысы ушул токтомдон келип чыгуучу зарыл чараларды көрсүн.
- Аталган токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн жиберүү жагы жооптуу катчы Б.Мамытовго милдеттендирилсин.
- Бул токтомдун аткарылышын кɵзɵмɵлдɵɵ жагы агрардык комитетинин төрагасы Н.Кайдалиевге жүктөлсүн.
Тɵрага: М.О. Сооронбаев