• 24Авг

    ТОКТОМ

    ПОСТАНОВЛЕНИЕ

    Ак-Суу айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын VIII сессиясы

    2022-жылдын 27-июлу                      № 8/51                               Ак-Суу айылы

    Таза суу ишканасын түптөө жөнүндө

    “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 34-беренесинин негизинде жарандардан келип түшкөн кайрылууларды эске алуу менен, Ак-Суу айылдык кеңеши:

    ТОКТОМ КЫЛАТ:

    • Ак-Суу айыл өкмөтүнүн карамагына “Ак-Суу Таза-Суу” муниципалдык ишканасын түптөө жагы каралсын.
    • “Ак-Суу Таза-Суу” муниципалдык ишканасы “Юридикалык жактарды, филиалдарды (өкүлчүлүктөрдү) мамлекеттик каттоо жөнүндө” КРнын Мыйзамына ылайык каттоодон өткөрүлсүн.
    • Ишкананын уставы бекитилсин жана жетекчиси дайындалсын.
    • Ушул токтом Ак-Суу айыл аймагынын www.aksuu.biz.kg расмий веб-сайтына жарыялансын.
    • Ушул токтом кол коюлган күндөн тартып күчүнө кирет;
    • Аталган токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн жиберүү жагы жооптуу катчы Б.Мамытовго милдеттендирилсин.
    • Бул токтомдун аткарылышын кɵзɵмɵлдɵɵ жагы айыл өкмөтүнүн башчысы М.Анарбековго жүктөлсүн.

    Тɵрага:                                                                                    М.О. Сооронбаев

  • 24Авг

    ТОКТОМ

    ПОСТАНОВЛЕНИЕ

    Ак-Суу айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын VIII сессиясы

    2022-жылдын 27-июлу                     № 8/50                                  Ак-Суу айылы

    Эс алуучу жайлардын иштөө тартибине айрым чектөөлөрдү киргизүү жөнүндө

    “Кыргыз Республикасында балдардын ден соолугуна, дене бой, интеллектуалдык, психикалык, руханий жана адептик өнүгүүсүнө зыян келтирүүнүн алдын алуу боюнча чаралар жөнүндө” КРнын Мыйзамына ылайык, “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 34-беренесинин негизинде жарандардан келип түшкөн кайрылууларды жана милициянын аймактык инспекторунун сунушун эске алуу менен, Ак-Суу айылдык кеңеши:

    ТОКТОМ КЫЛАТ:

    • Ак-Суу айыл аймагындагы эс алуучу жайлардын иштөө тартибине төмөнкүдөй чектөөлөр киргизилсин:

    Төмөнкүлөргө тыюу салынсын:

    • Түнкү убакытта (саат 22:00 – 06:00 аралыгында) балдардын ата-энелерисиз, жакын туугандарысыз же башка көзөмөлчү адамдарысыз жүрүүсүнө;
    • Түнкү убакытта жогорку жыштыктагы музыка коюуга жана жашоочулардын тынчын алган жоруктарды жасоого;
    • Спирт ичимдиктирин сатууга жана алып келип ичүүгө;
    • Сууларды булгоого жана агып жаткан сууга киринүүгө.
    • Ушул токтом Ак-Суу айыл аймагынын www.aksuu.biz.kg расмий веб-сайтына жарыялансын.
    • Ушул токтом кол коюлган күндөн тартып күчүнө кирет;
    • Аталган токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн жиберүү жагы жооптуу катчы Б.Мамытовго милдеттендирилсин.
    • Бул токтомдун аткарылышын кɵзɵмɵлдɵɵ жагы мыйзамдуулук комитетинин төрагасы У.Курманбековго жүктөлсүн.

    Тɵрага:                                                                                     М.О. Сооронбаев

  • 24Авг

    ТОКТОМ

    ПОСТАНОВЛЕНИЕ

    Ак-Суу айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын VIII сессиясы

    2022-жылдын 27-июлу                         № 8/49                              Ак-Суу айылы

    Мисте дарактарын ижарага берүүнүн тартибин бекитүү берүү жөнүндө

    “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 34-беренесинин негизинде жарандардан келип түшкөн кайрылууларды эске алуу менен, Ак-Суу айылдык кеңеши:

    ТОКТОМ КЫЛАТ:

    • Ак-Суу айыл аймагындагы мисте дарактарын ижарга берүүнүн тартибин аныктоо жана аны ишке ашыруу айыл өкмөтүнүн башчысы жана айылдык кеңештин төрагасынын орун басарына жүктөлсүн.
    • Ушул токтом Ак-Суу айыл аймагынын www.aksuu.biz.kg расмий веб-сайтына жарыялансын.
    • Ушул токтом кол коюлган күндөн тартып күчүнө кирет;
    • Аталган токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн жиберүү жагы жооптуу катчы Б.Мамытовго милдеттендирилсин.
    • Бул токтомдун аткарылышын кɵзɵмɵлдɵɵ жагы төраганын орун басары У.Эпеевге жүктөлсүн.

    Тɵрага:                                                                                         М.О. Сооронбаев

  • 24Авг

    ТОКТОМ

    ПОСТАНОВЛЕНИЕ

    Ак-Суу айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын VIII сессиясы

    2022-жылдын 27-июлу                       № 8/48                                Ак-Суу айылы

    Айыл өкмөтүнүн башчысынын 2022-жылдын 6 айына карата аткарган иштерине баа берүү жөнүндө

    Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 112-беренесинин негизинде жана Ак-Суу айыл өкмөтүнүн башчысынын маалыматын угуп жана талкуулап, Ак-Суу айылдык кеңеши:

    ТОКТОМ КЫЛАТ:

    • Ак-Суу айыл өкмөтүнүн башчысы Анарбеков Муратбек Анарбековичтин 2022-жылдын 6 айына карата аткарган жумуштары “Канааттандыраарлык” деп табылсын.
    • Ушул токтом Ак-Суу айыл аймагынын www.aksuu.biz.kg расмий веб-сайтына жарыялансын.
    • Ушул токтом кол коюлган күндөн тартып күчүнө кирет;
    • Аталган токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн жиберүү жагы жооптуу катчы Б.Мамытовго милдеттендирилсин.
    • Бул токтомдун аткарылышын кɵзɵмɵлдɵɵ жагы төраганын орун басары У.Эпеевге жүктөлсүн.

    Тɵрага:                                                                                          М.О. Сооронбаев

  • 24Авг

    ТОКТОМ

    ПОСТАНОВЛЕНИЕ

    Ак-Суу айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын VII сессиясы

    2022-жылдын 20-июлу                       № 7/47                                Ак-Суу айылы

    Өнөр жай курууга жер бөлүп берүү жөнүндө

    “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 34-беренесинин негизинде Ак-Суу айыл өкмөтүнүн жер адисинин сунушун угуп жана талкуулап, Ак-Суу айылдык кеңеши:

    ТОКТОМ КЫЛАТ:

    • Көк-Кыя участкасынан өндүрүштүк ишканаларга куруу үчүн бөлүнүп берилген жер тилкелерин Анар участкасындагы Таш-Көмүр – Тегене автожолунун түштүк-батыш тарабындагы жээгине которууга макулдук берилсин.
    • Ушул токтом Ак-Суу айыл аймагынын www.aksuu.biz.kg расмий веб-сайтына жарыялансын.
    • Ушул токтом кол коюлган күндөн тартып күчүнө кирет;
    • Ак-Суу айыл өкмөтүнүн башчысы ушул токтомдон келип чыгуучу зарыл чараларды көрсүн.
    • Аталган токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн жиберүү жагы жооптуу катчы Б.Мамытовго милдеттендирилсин.
    • Бул токтомдун аткарылышын кɵзɵмɵлдɵɵ жагы агрардык комитетинин төрагасы Н.Кайдалиевге жүктөлсүн.

    Тɵрага:                                                                                     М.О. Сооронбаев

« Предыдущая страница   Следующая страница »