• 16Май

    ТОКТОМ

    ПОСТАНОВЛЕНИЕ

    Ак-Суу айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын V сессиясы

    2022-жылдын 23-марты                               № 5/22                                              Ак-Суу айылы

    Архитектуралык иш кагаздарды даярдоо жөнүндө

    “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 34-беренесинин негизинде айыл өкмөтүнүн башчысынын сунушун угуп жана талкуулап, Ак-Суу айылдык кеңеши:

    ТОКТОМ КЫЛАТ:

    • Ак-Суу айыл аймагында:
    • Бирдиктүү терезе борборун түптөө;
    • О. Асанов атындагы маданият үйүн капиталдык ремонттон өткөрүү;
    • Мор-Булак айылына хаус орнотуу курулуш иштери боюнча тиешелүү мекеме уюмдардын кызматын пайдалануу менен смета түзүү жана архитектуралык иш кагаздарын даярдоо жагы каралсын.
    • Ушул токтом Ак-Суу айыл өкмɵтүнүн www.aksuu.biz.kg расмий веб-сайтына жарыялансын.
    • Ушул токтом кол коюлган күндөн тартып күчүнө кирет.
    • Аталган токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы жооптуу катчы Б.Мамытовго милдеттендирилсин.
    • Ак-Суу айыл өкмөтүнүн башчысы ушул токтомду ишке ашыруу боюнча тиешелүү чараларды көрсүн.
    • Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы бюджет комитетинин төрагасы С.Дүйшөбаевага милдеттендирилсин.

    Тɵрага:                                                                                                    М.О. Сооронбаев

  • 16Май

    ТОКТОМ

    ПОСТАНОВЛЕНИЕ

    Ак-Суу айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын V сессиясы

    2022-жылдын 23-март                                 № 5/21                                             Ак-Суу айылы

    Ак-Суу жайыт пайдалануучулардын бирикмесинин курамын бекитүү жөнүндө

    Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Мыйзамынын 34-беренесинин негизинде агрардык комитетинин сунушун угуп жана талкуулап, Ак-Суу айылдык кеңеши:

    ТОКТОМ КЫЛАТ:

    1.  Ак-Суу жайыт пайдалануучулардын бирикмесинин мүчөлөрү төмөнкүдөй курамда бекитилсин:
    • Анарбеков Муратбек;
    • Жоробеков Эркин;
    • Кутбаев Талант;
    • Нарбаев Уланбек;
    • Эпеев Урматбек;
    • Нургазы уулу Шайыр;
    • Уметалиев Ратбек;
    • Жуманазаров Мирбек;
    • Эгембердиев Керимбай;
    • Курманбеков Улутбек;
    • Дүйшөбаев Асылбек;
    • Таштаналы уулу Арстанбек;
    • Алтымышов Жылдызбек;
    • Жаңы бекитилген ЖПБ мүчөлөрү өзүнүн ишмердүүлүгүн жана жайыт комитетинин төрагасын шайлоону “Жайыттар жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына жана башка КРнын ченемдик укуктук актыларына ылайык жүргүзүшсүн.
    • Ушул токтом Ак-Суу айыл өкмɵтүнүн www.aksuu.biz.kg расмий веб-сайтына жарыялансын.
    • Ушул токтом кол коюлган күндөн тартып күчүнө кирет.
    • Аталган токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы жооптуу катчы Б.Мамытовго милдеттендирилсин.
    • Бул токтомдун аткарылышын кɵзɵмɵлдɵɵ жагы агрардык комитетинин төрагасы Н.Кайдалиевге жүктөлсүн.

    Тɵрага:                                                                                                  М.О. Сооронбаев

  • 16Май

    ТОКТОМ

    ПОСТАНОВЛЕНИЕ

    Ак-Суу айылдык кенешинин VIII чакырылышынын V сессиясы

    2022-жылдын 23-март                                 № 5/20                                             Ак-Суу айылы

    Ак-Суу айыл аймагындагы калктын малдарын көчүрүү эрежелери жөнүндө

    Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Мыйзамынын 34-беренесинин негизинде Ак-Суу жайыт комитетинин төрагасы Э.Жоробековдун сунушун угуп жана талкуулап, Ак-Суу айылдык кеңеши:

    ТОКТОМ КЫЛАТ:

    1.  Ак-Суу айыл аймагында малдарды жайлоого көчүрүү эрежелери, айылга алып калуучу малдардын тизмеси жана саны, уй кезүүлөрдү уюштуруунун тартиби №1 тиркемеге ылайык бекитилсин.
    2. Мал камагынын иштөө тартиби, карагулдардын тизмеси №2 тиркемеге ылайык бекитилсин.
    3. Айыл аймагындагы малдын бардык түрү медициналык эмдөөдөн өткөрүлсүн.
    4. Калктын малын көчүрүү жана жайгаштыруу, жазгы, жайкы, күзгү, кышкы жайыттарды белгилөө жана сактоо, максаттуу пайдаланууну уюштуруу  Жайыт комитетине милдеттендирилсин.
    5. Суу мураптын акысы элдик жыйындын чечиминин негизинде 100 (жүз) сом болуп белгиленсин.
    6. Ушул токтомдо жана башка ченемдик укуктук актыларда белгиленген эрежелерди бузгандарга Кыргыз Республикасынын “Укук бузуулар жөнүндө” Кодексинин негизинде чаралар колдонулсун.
    7. Ушул токтом айыл өкмɵтүнүн www.aksuu.biz.kg расмий веб-сайтына жарыялансын.
    8. Ушул токтом кол коюлган күндөн тартып күчүнө кирет.
    9. Айыл өкмөтүнүн жер адиси А.Алымкулов, ветеринария адиси А.Сартаев, айыл башчылар Т.Акпаров, А.Боронбаев, О.Эшкараев, С.Урузбаев, А.Итибаев, жайыт комитетинин төрагасы Э.Жоробеков ушул токтомдон келип чыгуучу зарыл чараларды көрсүн.
    10. Токтомдун негизинде киргизилген эрежелерге баш ийбеген жарандарга мыйзам чегинде чара колдонуу милициянын аймактык инспектору Т.Жумабековго милдеттендирилсин.
    11. Аталган токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы жооптуу катчы Б.Мамытовго милдеттендирилсин.
    12. Бул токтомдун аткарылышын кɵзɵмɵлдɵɵ жагы Ак-Суу айылдык кеңешинин төрагасынын орун басары У. Эпеевге жүктөлсүн.

    Тɵрага:                                                                                                   М.О. Сооронбаев

    Тиркеме № 1

    (Ак-Суу айылдык кеңешинин

    2022-жылдын 23-мартындагы

    № 5/20 токтомуна)

    Ак-Суу айыл аймагында малдардын көчүү мөөнөтү
    Аталышы Көчүү мөөнөтү Кайра келүү мөөнөтү
    1 Калктуу конуштан көчүү 01.04.2022 – 15.04.2022 01.09.2022 – 15.09.2022
    2 Эгин талааларына жакын жайгашкан жерден көчүү 01.04.2022 – 15.04.2022 01.09.2022 – 15.09.2022
    3 Алыскы жайлоого көчүү 20.05.2022 – 10.06.2022 01.09.2022 – 15.09.2022

    Калктуу конуштарда алып калууга уруксат берилген малдардын тизмеси

    Калктуу конуштарда алып калуучу малдын аталышы Уруксат берилген саны Шарты Эскертме
    1 Саан уй 1 Аркандоо же кайтаруу менен  
    2 Мингич ат (эшек) 1 Аркандоо же кайтаруу менен  

    Уй кезүүлөрдү уюштуруунун эрежеси

    Аталышы Уруксат берилген саны Шарты Эскертме
    1 Бир айылга уруксат берилген кезүүнүн саны 1 Чөп чабылуучу жерге жана эгин талааларына аралатпоо  
    2 Бир кезүүдөгү уйлардын саны 50 Чөп чабылуучу жерге жана эгин талааларына аралатпоо  
    3 Бир кезүүдөгү букалардын саны 2 Чөп чабылуучу жерге жана эгин талааларына аралатпоо Кунан жана андан жогору жашта

    Бада алган атуулдун майда жандыктарынын (кой, эчки) саны 200дөн ашса же ую 10дон ашса же жылкысы 1 үйүрдөн ашса алыскы жайлоого көчүүгө милдеттүү. Бир үйүрдөгү жылкылардын саны 10дон ашпоого тийиш.

    Жакынкы жайлоого көчкөндөрдүн отурукташкан орду эгин таалаларына жана чөп чабылуучу жерлерге 5 (беш) километрден жакын болбошу керек.

    Жайыттарды жана эгин талааларды кайтарып, камакканага мал айдап келген жаран менен камаккана кароолчусуна түшкөн айып пул тең бөлүнүп берилсин.

    Тиешелүү аймакка жооптуу болгон кароолчу эгер ошол аймактагы эгинге мал түшсө, келтирилген зыяндын 25% бөлүгүн төлөп берүүгө милдеттүү. Калган 75% бөлүгүн малдын ээси төлөп берет.

    Айып пулдун өлчөмү

    Малдын аталышы Айып пул (сом) Эскертме
    1 Жылкы 500  
    2 Эшек 500  
    3 Уй 300  

    Эгер тартип бузган малдардын ээси Ак-Суу айыл аймагынын тургуну болуп саналбаса айып пулдар белгиленген суммадан 2 эсе көп салынат.

    Тиркеме № 2

    (Ак-Суу айылдык кеңешинин

    2022-жылдын 23-мартындагы

    № 5/20 токтомуна)

    Айыл аймагындагы жайыт эрежелерин бузган малдарды камоого үч мал камагы белгиленсин:

    1. Ак-Суу айылынын борбордук бөлүгүндө;
    2. Эшме участкасында;
    3. Коргон-Дөбө айылында.

    Мал камагынын кайтаруучу кароолчулары жана айдап келүүчү карагулдары болуп төмөнкүлөр дайындалсын:

    Мал камагынын аталышы Кайтаруучу карагул Айдап келүүчү карагул
    1 Ак-Суу Жолборсов Айтыбек Султанбек уулу Тынарбек
        Кутманов Бактыбек Жолдошов Медер
        Жолборсов Мири Миңбаев Анаралы
          Жүзүбалы уулу Кылым
          Султанбек уулу Иличбек
          Тиленбаев Дозалы
          Итибаев Бекдайыр
          Атыбаев Алтынбек
          Жабаев Манас
          Качыбеков Тынымбек
          Нурбаев Космосбек
          Үмөталиев Бектеналы
          Шакыев Жолдош
          Матмырзаев Болот
          Султанбек уулу Санжарбек
           
    2 Эшме Өмүркулов Саатбек Кыдыров Алтынбек
          Надырбаев Жолдугул
          Жолдошов Асанбек
           
    3 Коргон-Дөбө Эралиев Улан Эралиев Эрказы
          Алешов Зарлык
          Алешов Тынарбек
          Эсенгелди уулу Бердалы

    Белгиленген тартипти бузган малга жоопкерчилик – камакканага айдап келип акт түзүп кайтаруучу карагулга өткөрүп бергенге чейин айдап келүүчү карагулда, камакка түшкөн малдын ээсин таап эскертүүгө чейин кайтаруучу карагулда болуп саналат.

    Айыл өкмөтүнүн жана карагулдардын ортосунда тараптардын милдеттерин жана ыйгарым укуктарын белгилеген келишим түзүлөт.

    Милдеттерин талаптагыдай аткарбаган карагулдарды алмаштыруу жагы каралат.

  • 16Май

    ТОКТОМ

    ПОСТАНОВЛЕНИЕ

    Ак-Суу айылдык кенешинин VIII чакырылышынын V сессиясы

    2022-жылдын 23-март                                 № 5/19                                             Ак-Суу айылы

    Чайкананы оңдоп түзөөгө уруксат берүү жөнүндө

    Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Мыйзамынын 34-беренесинин негизинде Ак-Суу айыл өкмөтүнүн жер адисинин сунушун угуп жана талкуулап, Ак-Суу айылдык кеңеши:

    ТОКТОМ КЫЛАТ:

    1.  Шаршеналы уулу Мадаминбекке борбордук мечиттин жанындагы чайканага жеңил шарттагы турак жайларды куруп пайдаланууга жана чайкана имаратын оңдоп түзөөсүнө уруксат берүү жагы каралсын.
    • Ушул токтом Ак-Суу айыл өкмɵтүнүн www.aksuu.biz.kg расмий веб-сайтына жарыялансын.
    • Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет;
    • Аталган токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы жооптуу катчы Б.Мамытовго милдеттендирилсин.
    • Ак-Суу айыл өкмөтүнүн башчысы ушул токтомду ишке ашыруу боюнча тиешелүү чараларды көрсүн.
    • Бул токтомдун аткарылышын кɵзɵмɵлдɵɵ жагы Ак-Суу айылдык кеңешинин төрагасынын орун басары У. Эпеевге жүктөлсүн.

    Тɵрага:                                                                                                    М.О. Сооронбаев

  • 16Май

    ТОКТОМ

    ПОСТАНОВЛЕНИЕ

    Ак-Суу айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын IV сессиясынын

    № 4/18 токтому

    2022-жылдын 11-февралы                                                                                    Ак-Суу айылы

    Ак-Суу жайыт комитетинин 2022-жылга бюджетин бекитүү жөнүндө

    Жайыт комитетинин төрагасы тарабынан иштелип чыккан токтом долбоору менен таанышып жана талкуулап, Ак-Суу айылдык кеңеши:

    ТОКТОМ КЫЛАТ:

    1. Ак-Суу жайыт комитетинин төрагасынын 2021-жылы аткарган иштери тууралуу маалыматы канааттандыраарлык деп табылсын.
    • Ак-Суу жайыт комитетинин 2022-жылга бюджетинин киреше жана чыгаша бөлүгү №1 тиркемеге ылайык бекитилсин.
    • Ушул токтом Ак-Суу айыл өкмɵтүнүн www.aksuu.biz.kg расмий веб-сайтына жарыялансын.
    • Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет;
    • Аталган токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы жооптуу катчы Б.Мамытовго милдеттендирилсин.
    • Бул токтомдун аткарылышын кɵзɵмɵлдɵɵ жагы бюджет комитетинин төрагасы С.Дүйшебаевага жүктөлсүн.

    Тɵрага:                                                                                                    М.О. Сооронбаев

    Тиркеме №1

    (Ак-Суу айылдык кеңешинин

    VIII чакырылышынын

    IV сессиясынын № 4/18 токтомуна)

    Жалал-Абад облусу Аксы району Ак-Суу айыл аймагынын

    Ак-Суу жайыт комитетинин 2022-жылга бюджети

    Кирешелердин статьялары Сумма
    1 2022-жылга жайыт акы төлөмү 573694
    2 Сырттан келип жайыт пайдалангандар 70000
    3 Кызмат көрсөтүүдөн түшө турган каражат 160000
    4 Боз үйдөн түшө турган каражат 16000
      Бардыгы 819694
    Чыгашалардын статьялары Сумма
    1 Камсыздандыруу төлөм 17,25 45000
    2 Жергиликтүү бюджетке 1/3 215000
    3 Жайыт инфраструктурасына жана мониторинг 154694
    4 Кыргыз жайыт ассоциациясына 1000
    5 Айлык акы аппарат 3 штат 264000
    6 Сапар чыгым 100000
    7 Канцелярдык товарларга 40000
      Бардыгы 819694

    Ак-Суу жайыт комитетинин төрагасы:                                           Э.Жоробеков

« Предыдущая страница   Следующая страница »