• 16Май

    ТОКТОМ

    ПОСТАНОВЛЕНИЕ

    Ак-Суу айылдык кенешинин VIII чакырылышынын IV сессиясынын № 4/7 токтому

    2022-жылдын 11-февралы                                                                                     Ак-Суу айылы

    Жашылдандырууга жер тилкесин берүү жөнүндө

     “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 34-беренесинин негизинде Ак-Суу айыл өкмөтүнүн жер адисинин сунушун угуп жана талкуулап, Ак-Суу айылдык кеңеши:

    ТОКТОМ КЫЛАТ:

    1. Жашылдандырууга жер тилкесин алууга арыз менен кайрылган:

               Н. Добулбеков;

               А. Жанчаров;

               С. Маталиев;

               Ш. Беккулиев;

               М. Анарбаев аттуу жарандарга жер тилкелерин бөлүп берүү жагы каралсын.

    • Ушул токтом Ак-Суу айыл өкмɵтүнүн www.aksuu.biz.kg расмий веб-сайтына жарыялансын.
    • Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет;
    • Аталган токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы жооптуу катчы Б.Мамытовго милдеттендирилсин.
    • Ак-Суу айыл өкмөтүнүн башчысы ушул токтомду ишке ашыруу боюнча тиешелүү чараларды көрсүн.
    • Бул токтомдун аткарылышын кɵзɵмɵлдɵɵ жагы агрардык комитетинин төрагасы Н.Кайдалиевге жүктөлсүн.

    Тɵрага:                                                                                                    М.О. Сооронбаев

  • 16Май

    ТОКТОМ

    ПОСТАНОВЛЕНИЕ

    Ак-Суу айылдык кенешинин VIII чакырылышынын IV сессиясынын № 4/6 токтому

    2022-жылдын 11-февралы                                                                                     Ак-Суу айылы

    Соода түйүндөрүн куруу үчүн жер тилкесин берүү жөнүндө

    “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 34-беренесинин негизинде Ак-Суу айыл өкмөтүнүн жер адисинин сунушун угуп жана талкуулап, Ак-Суу айылдык кеңеши:

    ТОКТОМ КЫЛАТ:

    1. Соода түйүндөрүн куруу үчүн жер тилкесин алууга арыз менен кайрылган:

                Кадырбаева Шайгүл;

                Андашбаева Сапия;

                Нарбаев  Султан;

                Тагаев Нурбек;

                Добулбеков Нургазы аттуу жарандарга жер бөлүп берүү жагы каралсын.

    • Ушул токтом Ак-Суу айыл өкмɵтүнүн www.aksuu.biz.kg расмий веб-сайтына жарыялансын.
    • Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет;
    • Аталган токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы жооптуу катчы Б.Мамытовго милдеттендирилсин.
    • Ак-Суу айыл өкмөтүнүн башчысы:
    • ушул токтомду ишке ашыруу боюнча тиешелүү чараларды көрсүн.
    • Бул токтомдун аткарылышын кɵзɵмɵлдɵɵ жагы агрардык комитетинин төрагасы Н.Кайдалиевге жүктөлсүн.

    Тɵрага:                                                                                                    М.О. Сооронбаев

  • 16Май

    ТОКТОМ

    ПОСТАНОВЛЕНИЕ

    Ак-Суу айылдык кенешинин VIII чакырылышынын IV сессиясынын

    № 4/5 токтому

    2022-жылдын 11-февралы                                                                                    Ак-Суу айылы

    Жер участкаларын алуучулардын кезегине коюу жөнүндө

    Турак жай салуу үчүн жер сурап кайрылган жарандар боюнча Ак-Суу айыл өкмөтүнүн жер адисинин сунушун угуп жана талкуулап, “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 34-беренесинин негизинде Ак-Суу айылдык кеңеши:

    ТОКТОМ КЫЛАТ:

    1. Төмөнкү жарандар Ак-Суу айыл аймагынан жер участкасын алуучулардын кезек китебине катталсын:
    • Тоялиева Жазгүл;
    • Тоялиев Мелис;
    • Кылычбек уулу Нурадыл;
    • Кылычбек уулу Жумадыл;
    • Кылычбек уулу Афтандил;
    • Жанчаров Илясбек;
    • Өмүралиев Нурланбек;
    • Дурусбек уулу Денис;
    • Өмүрбеков Эрнис;
    • Сыдыкалиев Шам;
    • Төрөкасым уулу Мирлан;
    • Төрөкасым уулу Улан;
    • Шаматов Бактыбек;
    • Шабданкулов Жоодарбек;
    • Мамасадык уулу Мергенбек;
    • Тиленбаев Гүлжигит;
    • Жанатбек уулу Кансултан;
    • Жанатбеков Нурсейит;
    • Аджимат уулу Бекназар;
    • Мотуев Манасбек;
    • Болотбек уулу Мыктыбек;
    • Болотбек уулу Мизирбек;
    • Болотбек уулу Мырзабек;
    • Мирланбек уулу Бектур;
    • Кадырбекова Жылдыз;
    • Азимбек уулу Мыктыбек;
    • Өмүркулов Куштарбек;
    • Өмүркулова Ыманбек;
    • Рысбаев Ж.;
    • Бекиев Экуббек;
    • Куттубеков Беккулу;
    • Асылбек уулу Эрбол;
    • Кадырбек уулу Ныязбек;
    • Ушул токтом Ак-Суу айыл аймагынын www.aksuu.biz.kg расмий веб-сайтына жарыялансын.
    • Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет;
    • Аталган токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүүгө жиберүү жагы жооптуу катчы Б.Мамытовго милдеттендирилсин.
    • Ак-Суу айыл өкмөтүнүн башчысы ушул токтомду ишке ашыруу боюнча зарыл чараларды көрсүн.
    • Бул токтомдун аткарылышын кɵзɵмɵлдɵɵ жагы агрардык комитетинин төрагасы Н.Кайдалиевге жүктөлсүн.

    Тɵрага:                                                                                                    М.О. Сооронбаев

  • 16Май

    ТОКТОМ

    ПОСТАНОВЛЕНИЕ

    Ак-Суу айылдык кенешинин VIII чакырылышынын IV сессиясынын

    № 4/4 токтому

    2022-жылдын 11-февралы                                                                                    Ак-Суу айылы

    Ак-Суу айыл аймагынын администрациялык-аймактык түзүлүшү жөнүндө

    “Таш-Көмүр шаарынын мэри өзүнөн жогору турган мамлекеттик органдагы кызмат адамдары менен биргеликте Ак-Суу айыл аймагынын администрациялык-аймактык бирдигине кирген жерди Таш-Көмүр шаарынын тургундары мыйзамсыз курулуштарды куруп алгандыгы үчүн, шаардын аймагына кошуп алуу аракеттерин жасап жаткандыгы тууралуу” Ак-Суу айыл өкмөтүнүн башчысынын баяндамасын угуп жана талкуулап, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 111-беренесинин 1-бөлүгүн жана “Кыргыз Республикасынын администрациялык-аймактык түзүлүшү тууралуу” Мыйзамынын 3, 12-беренелерин жетекчиликке алып, Ак-Суу айылдык кеңеши:

    ТОКТОМ КЫЛАТ:

    1. Ак-Суу айыл аймагынын администрациялык-аймактык түзүлүшү бирдиктүү жана ажыратылгыс деп белгиленсин.
    2. Жергиликтүү жашоочулардын пикирин эске алуу менен калкынын саны 50 адамдан кем эмес калктуу конуштарга айыл статусун ыйгаруу боюнча талаптагыдай материалдар, документтер даярдалып, КР Президентине, Министрлер Кабинетине КР Жогорку Кеңешине сунушка киргизүү үчүн жиберилсин.
    3. Мамлекеттик органдар тарабынан Ак-Суу айыл аймагынын администрациялык-аймактык түзүлүшүнө тиешелүү айыл тургундарынын пикирине каршы келген ченемдик-укуктук актылар чыгарылган учурда, Кыргыз Республикасынын Конституциялык сотуна кайрылуу жагы каралсын.           
    4. Ушул токтом Ак-Суу айыл аймагынын www.aksuu.biz.kg расмий веб-сайтына жарыялансын.
    5. Ушул токтом кол коюлган күндөн тартып күчүнө кирет;
    6. Аталган токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүүгө жиберүү жагы жооптуу катчы Б.Мамытовго милдеттендирилсин.
    7. Ак-Суу айыл өкмөтүнүн башчысы ушул токтомду ишке ашыруу боюнча зарыл чараларды көрсүн.
    8. Бул токтомдун аткарылышын кɵзɵмɵлдɵɵ жагы мыйзамдуулук комитетинин төрагасы У.Курманбековго жүктөлсүн.

    Тɵрага:                                                                                                    М.О. Сооронбаев

  • 16Май

    ТОКТОМ

    ПОСТАНОВЛЕНИЕ

    Ак-Суу айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын IV сессиясынын

    № 4/3 токтому

    2022-жылдын 11-февралы                                                                                    Ак-Суу айылы

    «Ак-Суу айыл  өкмөтүнүн   2022-жылга бюджеттин кирешелери жана чыгашаларын бекитуу 2023-2024-жылдардын  болжолдуу долбоору  жөнүндө»

    “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 34-беренесинин негизинде “Ак-Суу айыл өкмөтүнүн 2022-жылга жергиликтүү бюджетинин түзүлүшү жана 2023-2024-жылдардын болжолдуу  долбоорун бекитүү жөнүндө” Ак-Суу айылдык кенешинин туруктуу комиссиясынын төрагасынын корутундусун угуп жана талкуулап, Ак-Суу айылдык кеңеши:

    ТОКТОМ КЫЛАТ:

    1. Ак-Суу айыл өкмөтүнүн 2022-жылдагы жергиликтүү бюджетинин кирешесинин көлөмү 11346,7 (Он бир миллион үч жуз кырк алты мин жети жуз) сом, мунун ичинен  өздүк киреше 6338,7  атайын каражаты 565,2 (Беш жуз алтымыш беш  мин эки жүз) сом, теңдоочу грант 5008,0 (беш миллион сегиз мин) сом, жайыттын кирешеси 242,3 Жалпысы: 11346,7 (он бир миллион үч жуз кырк алты мин жети жуз) сом суммасында  №1- тиркемеге ылайык бекитилсин .
    2. Ак-Суу айыл өкмөтүнүн 2022-жылдагы бюджетин чыгаша бөлүгү № 2 тиркемеге ылайык бекитилсин.
    3. Республикалык бюджеттен берилген теңдөөчү грант  биринчи кезекте коргоого алынган беренелерге (айлык акы, соц фонд, тамак аш, таш комур, коммуналдык кызматка)   жумшалсын.
    4. Ак-Суу айыл өкмөтүнүн  2023-2024-жылдагы жергиликтүү бюджеттин  трансферттерин болжолдуу көлөмү №3 тиркемеге ылайык  бекитилсин,  жана  өздүк бекитилген  киреше  мурунку жылдын фактысына негиз бекитилсин.
    5. 2022-жылдын башына калган калдыктын эсебинен КР Бюджеттик Кодексинин 24-берененин негиз калдык акча каражаттынын эсебинен жүгүртүүдөгү кассалык накталай акчанын көлөмү бир айлык эмгек акы төлөө фондуна негиз 300,0 (Уч жуз мин) сом өлчөмүндө бекитилсин. Ал эми калган каллдык каражатты 6120519 (алты миллион бир жуз он эки мин беш жуз он тогуз сом) акча каражатын №4 тиркеме ылайык сарпталсын.
    6. Функционалдык классификациялык бөлүмдөрдө  беренелерден беренелерге жылдыруулар айыл өкмөттүн  башчысынын буйругунун негизинде жүргүзүлсүн .
    7. «Кыргыз Республикасынын бюджеттик  укуктарынын негизги принциптери жөнүндөгү» мыйзамынын 21-беренесине ылайык  жалпы жылдык бюджеттин 1 пайызы 113,0 (Бир жүз он үч мин) сом олчомундо айыл өкмөтүнун  резервдик фонду түзүлсүн.
    8. Бюджетке өзгөртүүлөрдү киргизүү  жана айылдык кенешке сунуш берүү жагы  Ак-Суу айыл  өкмөтүнүн каржы бөлүмүнүн башчысына  милдеттендирилсин.
    9. Айыл өкмөттүн бюджетин үзгүлтүксүз камсыз кылуу максатында салык жана салыктык эмес төлөмдордүн белгиленген  пландарынын ар бир түрү боюнча аткарууну айыл өкмөттүн салык инспекторуна  милдеттендирилсин.
    10. Жогорудагы аныкталган жергиликтүү бюджеттин киреше жана чыгашаларынын  аткарылышы боюнча, айылдык кенештин  бюджет жана каржы комитетине билдирүү берип туруу жагы  Финансы экономика болумуно милдеттендирилсин.
    11.  Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы айылдык кеңештин бюджет жана каржы комитетинин төрагасы  С.Дүйшөбаевага милдеттендирилсин.

    Тɵрага:                                                                                                    М.О. Сооронбаев

« Предыдущая страница   Следующая страница »